Кыдыр Аке айыл аймагында жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

 

II чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы

                                                                                                                                                                                                                                                                                               

ТОКТОМ

                                                ДОЛБООР                        

                                                                     

______________ № ____                                                                     Ак-Суу айылы

 

            Кыдыр Аке айыл аймагында жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 27-декабрындагы №01-25/352 буйругу менен бекитилген  типтүү жобонун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып,  айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. Кыдыр Аке айыл аймагында жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө жобо бекитилсин, тиркелет.
  2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.

                                                                                                                

                                                                          Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин

                                                                                                           2026-жылдын ____-________________

                                                                                                            № _____ токтому менен бекитилет                                                                    

Кыдыр Аке айыл аймагында жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө жобонун

ДОЛБООРУ

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Бул жобо “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жергиликтүү жамааттын уставына ылайык иштелип чыгып, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.
  3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо дегенде биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу мониторинг жана баалоо (мындан ары – МжБ) объекттеринин ишинин жыйынтыктарынын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо процессин түшүнүш керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ органдары) биргелешкен мониторингдин жана баалоонун (мындан ары – БМжБ) уюштуруучулары болуп саналат.

БМжБны жергиликтүү кеңештин чечими менен түзүлгөн, жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн камтыган топ жүргүзөт.

БМжБ маалыматтык-телекоммуникациялык системаларды жана технологияларды, анын ичинде социалдык тармактарды пайдалануу менен ачык жүргүзүлөт.

  1. ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине системалуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.
  2. ЖӨБ органдарынын ишин баалоо – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин жыйынтыктарын туруктуу негизде же бир жолку баалоо.

 

2.    Биргелешкен мониторинг жана баалоонун максаттары жана

милдеттери

  1. Жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча маалыматтарды системалуу негизде чогултуунун жана талдоонун негизинде ЖӨБ органдарынын натыйжалуу жүйөлүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна көмөктөшүү БМжБнын максаты болуп саналат.
  2. БМжБнын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
    • жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдарынын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ж.б. ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу;
    • жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
    • жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата жарандардын жана алардын бирикмелеринин коомдук пикиринин, сунуштарынын жана сунуштамаларынын эсепке алынышын камсыз кылуу;
    • ЖӨБ органдарын сапаттуу, калыс, туура мониторингдик маалымат менен төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылуу: социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, биргелешкен иш-аракеттердин пландарын жана гендердик саясатты, айылдык аймактын, шаардын башка программалык документтерин (мындан ары – өнүктүрүү программалары жана пландары) ишке ашырууда иш жүзүндө пайдаланылуучу убактылуу жана материалдык (анын ичинде финансылык) ресурстарды аныктоо, талдоо жана баалоо; аныкталган четтөөлөрдү жоюу боюнча чараларды андан ары аныктоо жана ишке ашыруу, өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруу ыргагын көзөмөлдөө; ЖӨБ органдарына иштин кемчиликтери, мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине калктын канааттанбагандыгы жөнүндө маалымдоо, ошол кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды жиберүү; аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана аларды жакшыртуу боюнча сунуштар боюнча БМжБнын жыйынтыктары боюнча сунуштамаларды даярдоо.
    • жарандарды БМжБ топторунун ишине тартуу аркылуу ЖӨБ органдарынын иши жөнүндө калкка маалымдоону жогорулатуу.

 

3.Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүдөгү негизги принциптер жана талаптар

  1. БМжБнын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
  • адамдын жана жарандын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарына артыкчылык берүү, басмырлоонун ар кандай түрүнө жол бербөө;
  • ЖӨБ органдарынын ишинин ак ниеттүүлүк презумпциясы;
  • БМжБ тобунун ыктыярдуулугу жана ишинин мыйзамдуулугу, объективдүүлүгү, калыстыгы жана ак ниеттүүлүгү;
  • коомдук талкуунун жана БМжБнын жыйынтыктарынын ачык- айкындыгы;
  • БМжБ тобунун ишинин жыйынтыгы боюнча даярдалган жыйынтыктоочу документтерди ЖӨБ органдары тарабынан кароонун милдеттүүлүгү жана БМжБ тобунун сунуштарын, сунуштамаларын жана тыянактарын эсепке алуу;
  • БМжБ жүргүзүүнүн бүтүндүгү жана ыкчамдыгы;
  • мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине, алардын конкурстук комиссияларынын ишине кийлигишпөө.
  1. БМжБ жүргүзүү процессине коюлган негизги талаптар:
  • баштапкы маалымат калыс жана жетиштүү болууга тийиш;
  • маалыматтын кошумча булактары тартылышы керек;
  • мониторинг жана баалоонун жыйынтыктары туруктуу негизде салыштырылып турушун камсыз кылуу зарыл;
  • баалоонун зарыл жана жетиштүү критерийлеринин минималдуу санын тандаш керек;
  • мониторингдин жүрүшүндө алынган маалыматтын купуялуулугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоо зарыл;

БМжБ объекттеринин мыйзамдуу ишине тоскоолдуктарды түзүүгө жол берилбеши керек.

 

4. Биргелешкен мониторинг жана баалоонун предмети жана объекттери

  1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган, анын ичинде төмөнкүлөрдү камтыган объекттердин ишинин процесси жана жыйынтыктары БМжБнын предмети болуп саналат:
  • айылдык аймакты өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын ишке ашырылышы;
  • жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттердин каражаттарынан, эл аралык жана башка донордук уюмдардан, демөөрчүлөрдөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу жергиликтүү демилгелердин, долбоорлордун, программалардын ишке ашырылышы;
  • жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда товарлардын жеткирилиши, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумуштардын, ошондой эле консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышы:
  • кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты (ичүүчү суу, жайыттар ж.б.) жана алардын стандарттары.
  1. БМжБнын объектилери болуп төмөнкүлөр саналат:
  • ЖӨБдүн аткаруучу органы;
  • муниципалдык ишканалар жана мекемелер;
  • жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар;
  • тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатынын турмуш тиричилигин камсыз кылууга тиешелүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер.

 

5.   Биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин милдеттери

 

  1. БМжБнын объектилери төмөнкүлөргө милдеттүү:
    • мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды, жеке маалыматтар жөнүндө дайындарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды камтыган маалыматтарды кошпогондо, маалымат алуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык, БМжБ тобуна өз иши жөнүндө маалымат берүүгө;
    • аларга жиберилген суроо-талаптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кароого;
    • аныкталган боштуктарды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды талкуулоо жана чараларды иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү кеңештин депутаты жиберген биргелешкен мониторинг жана баалоо актыларын (мындан ары – БМжБ Актылары) кароого;
    • БМжБнын Актысын кароо боюнча жергиликтүү кеңештин депутатынын суроо-талабын, суроосун же кайрылуусун алган учурдан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен, кемчиликтердин себептери жөнүндө жана кырдаалды оңдоо боюнча пландаштырылып жаткан чаралар жөнүндө жоопту БМжБ тобуна көчүрмөсү менен бирге жергиликтүү кеңештин депутаттарына берүүгө.
  1. ЖӨБдүн аткаруучу органы жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун алкагында келишимдик милдеттенмелерди ишке ашырууда БМжБнын каралып чыккан Актылары боюнча жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтарын эске алат.

 

6.Биргелешкен мониторинг жана баалоону уюштуруу

  1. БМжБнын максаттарына жетип, милдеттерин аткаруусун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү кеңеш БМжБ тобун түзөт. БМжБ топторунун ишин жүзөгө ашыруу тартиби ушул Жобо менен аныкталат. БМжБ тобу мүчөлөрүнүн так санынан – 5тен 15ке чейин, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарынан турат.

БМжБ тобунун курамына ушул Жобого ылайык сунушталган жана шайланган адамдар кирет.

  1. БМжБ тобу төмөнкү курамда түзүлөт:
  • БМжБ тобунун курамынын төрттөн бир бөлүгүнөн кем эмеси – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын муниципалдык кызматчылары;
  • БМжБ тобунун курамынын төрттөн бир бөлүгүнөн кем эмеси – жергиликтүү кеңештин депутаттары;
  • курамынын кеминде жарымы (же 2/1) – жарандардын жана алардын бирикмелеринин кызыкчылыгын көздөгөн жарандар.

БМжБ тобунун курамына коюлган кошумча милдеттүү талаптар:

  • бир жыныстагы адамдар БМжБ тобунун курамынын 70 пайыздан ашыгын түзбөшү керек;
  • БМжБ тобунун мүчөлөрү ушул Жобонун 6-бөлүмүнө ылайык БМжБ тобунун курамында ишти жүзөгө ашырууга, мониторинг жана баалоо предметине байланышкан кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө тийиш.

БМжБ тобун түзүүдө айылдык аймактын, шаардын бардык калктуу конуштарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн өкүлчүлүгүн эске алуу зарыл.

Жергиликтүү кеңештин төрагасы, шаардын мэри жана айыл өкмөтүнүн башчысы БМжБ тобунун курамына кире алышпайт.

  1. БМжБ тобунун ыйгарым укуктары түзүлгөн учурдан тартып бир жылга чейин күчүндө болот.
  2. БМжБ тобунун биринчи жыйыны топ түзүлгөн күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек.

БМжБ тобунун биринчи жыйынын өткөргөнгө чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен ЖӨБдүн аткаруучу органы БМжБ тобу түзүлгөнү жөнүндө маалыматты (БМжБ тобун түзүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомун, курамын, БМжБ тобунун биринчи жыйыны өтчү жерин жана убактысын ж.б.) ЖӨБ органдарынын расмий сайтына жарыялайт жана (же) баары көрө алган жерлерге (такталарга, стенддерге) жайгаштырат.

  1. ЖӨБдүн аткаруучу органынын жетекчиси БМжБ тобун түзүү жол- жобосу башталган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен муниципалдык кызматчылардын ичинен БМжБ тобунун курамына талапкерлерди дайындайт жана жергиликтүү кеңешке талапкерлердин тизмесин жөнөтөт.

Жарандардын жана алардын бирикмелеринин кызыкчылыгын сүрөгөн БМжБ тобунун мүчөлөрүнүн курамына талапкерлерди шайлоо жергиликтүү жамааттын чогулушунда жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйындын катышуучуларынын добуштарынын көп санын алган жарандар  БМжБ  тобунун  мүчөлөрүнүн  курамына  талапкерлер  болуп  эсептелет. БМжБ тобунун курамына талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары протокол менен таризделет жана жергиликтүү кеңешке жиберилет.

БМжБ тобунун курамына талапкерлерди көрсөтүү үчүн ЖӨБ органдары зарыл болгон уюштуруу шарттарын түзүшөт (маалыматтык өнөктүктү уюштурат, чакыруу жөнөтөт, өтүнмөлөрдү кабыл алат, добуш берүү жолу менен тандоо жол-жобосун уюштурат жана башка шарттар).

  1. Жергиликтүү кеңеш БМжБ тобун түзүп, анын курамына жергиликтүү кеңештин депутаттарын кошуу жөнүндө токтомду кабыл алат.
  2. БМжБ тобунун төрагасы жарандардын жана алардын бирикмелеринин кызыкчылыгын сүрөгөн БМжБ тобунун мүчөлөрүнүн ичинен ачык добуш берүү менен БМжБ тобунун мүчөлөрү тарабынан шайланат.
  3. БМжБ тобунун мүчөсү анын курамынан чыгып кеткен учурда, БМжБ тобунун жаңы мүчөсүн шайлоо ушул Жобонун ушул бөлүмүнүн жол- жоболору боюнча жүзөгө ашырылат.

 

  1. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

 

  1. Кызыкчылыктардын кагылышуусу – БМжБ тобунун мүчөсүнүн жеке кызыкчылыгы же болбосо БМжБ тобунун мүчөсүнө тийгизген таасири (басымы) анын БМжБ тобунун мүчөсү катары өзүнүн ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен же таасир этиши мүмкүн болгон кырдаал.
  2. БМжБ тобунун мүчөсүндө кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген же алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылык пайда болгон учурда, же болбосо БМжБ тобунун мүчөсүнө өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу таасир (басым) көрсөтүлүшү ыктымал кырдаал пайда болгондо, топтун мүчөсү бул жөнүндө кыска мөөнөттө БМжБ тобунун төрагасына маалымдоого милдеттүү. Жергиликтүү кеңештин төрагасы кызыкчылыктардын кагылышы болгондугу жөнүндө маалыматты алган учурда, кызыкчылыктардын кагылышы келип чыккан предмет боюнча мониторинг жана баалоо процессинен БМжБ тобунун мүчөсүн убактылуу четтетүүгө тийиш.

 

  1. БМжБ тобунун ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылуу

 

  1. БМжБ тобунун ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылууну ЖӨБдүн аткаруучу органы жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырат.

БМжБ тобу өз ишинде зарыл шарттар менен камсыз болууга тийиш (БМжБнын объекттери жайгашкан жерге жетип алышы, жыйындарды өткөрүү үчүн бөлмө, керектүү кеңсе товарлары, документтерди даярдап, мониторинг жана баалоонун жыйынтыктарын иштетүү үчүн кеңсе жабдуулары жана башка шарттар).

ЖӨБдүн аткаруучу органы БМжБ тобунун мүчөлөрүн колдоо максатында жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен моралдык жактан шыктандыруу чараларын (грамоталарды, алкыштарды ж.б.) колдонууга укуктуу.

ЖӨБдүн аткаруучу органы БМжБнын максаттары, БМжБ тобунун ролу жана ыйгарым укуктары жөнүндө БМжБнын объекттеринин жана жергиликтүү жамааттын арасында маалымдоону жана түшүндүрүү иштерин камсыз кылат.

  1. БМжБ тобунун жыйындары, коомдук талкууларга катышуу (жыйындар, чогулуштар, коомдук угуулар, жеринде текшерүү, фокус-топтор, документтер менен иштөө, онлайн сурамжылоо, маектешүү, маалымат такталарында, ЖӨБдүн социалдык тармактарында, месенжерлерде маалыматтар менен таанышуу) БМжБ тобунун ишинин негизги формалары болуп саналат.
  2. БМжБ тобунун жыйындары БМжБ тобунун иш планына (мындан ары – Иш планы) ылайык, бирок кварталына бир жолудан кем эмес, ошондой эле зарылдыгына жараша өткөрүлүп турат. Иш планынын мисалы ушул Жобонун 1-тиркемесинде берилди.

Эгерде жыйынга БМжБ тобунун мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса, ал укуктуу деп эсептелет.

  1. БМжБ тобунун төрагасы топтун ишин жетектеп, уюштурат, ЖӨБ органдары, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде топтун атынан чыгат, иш кагаздарын жүргүзүүнүн уюштурулушу, ошондой эле жыл сайын өтчү жыйындарда жана башка иш-чараларда БМжБ тобунун ишинин жыйынтыктарын даярдоо жана презентациялоо үчүн жоопкерчилик тартат.

БМжБ тобунун төрагасы БМжБ жүргүзүүнүн жүрүшүндө пайдаланган документтердин (анкеталар, тизмелер, сүрөттөр ж.б.), ошондой эле БМжБнын жыйынтыктарын чагылдырган документтердин (актылар, отчеттор ж.б.) сакталышын камсыз кылат.

  1. Алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн БМжБ тобу:
    • социалдык-экономикалык өнүктүрүү планына жараша БМжБ тобунун иш-чараларынын жылдык планынын долбоорун иштеп чыгат;
    • ЖӨБдүн аткаруучу органына Иш планы жөнүндө маалымдайт, Иш планы ЖӨБдүн аткаруучу органы менен талкуулангандан кийин зарыл болгон учурда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет. ЖӨБдүн аткаруучу органы анын компетенциясына кирген маселелер боюнча БМжБ боюнча иш-чараларды Иш планына кошуу боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу;
    • ЖӨБдүн аткаруучу органы менен талкууланган Иш планын жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө берет;
    • мониторинг жана баалоо планына ылайык БМжБнын конкреттүү объектисине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
    • товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жана/же ишке ашырылып жаткан долбоорлордон, демилгелерден түшкөн пайданы түздөн- түз алуучулар менен, анын ичинде жерине баруу менен сурамжылоолорду (анкеталоону), фокус-топторду, маектешүүлөрдү жүргүзөт;
    • БМжБ процессинде даярдалган, БМжБ объекттеринен алынган документтерге (анкеталар, графиктер, отчеттор, каттоо журналдары, катышуучулардын тизмеси ж.б.) талдоо жүргүзөт;
    • иш-чараларга (жамааттардын муктаждыктарын биргелешип аныктоого (ЖМБА), коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга ж.б.) байкоочулар катары катышат;
    • өнүктүрүү программаларын жана пландарын (демилгелерди, долбоорлорду, программаларды ж.б.) ишке ашырууга байланышкан иш- чараларга байкоочулар катары катышат;
    • БМжБнын жүрүшүндө аныкталган көйгөйлөр жөнүндө жергиликтүү кеңешке, БМжБ объекттерине жана жергиликтүү жамаатка өз убагында маалымдайт;
    • БМжБнын жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңешке отчет берет;
    • жергиликтүү жамаатка БМжБ объекттерине биргелешкен мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары жөнүндө жылдык жыйынды отчет берет.
  2. БМжБ объекттеринде көйгөйлөрдүн пайда болушун, программалардын жана өнүктүрүү пландарынын пландалган параметрлеринен (көрсөткүчтөрүнөн/индикаторлорунан ж.б.) четтеп кетишин алдын алуу, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну камсыз кылуу максатында БМжБ тобу төмөнкүлөргө укуктуу:
    • мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, жеке дайындар жөнүндө маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чектелген маалыматтарды камтыган маалыматтарды кошпогондо, БМжБ объекттеринен зарыл болгон маалыматтарды суратууга;
    • өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруунун статусун баалоо, жүргүзүлгөн иш-чаралардын өнүктүрүү программаларына жана пландарына, ошондой эле мониторинг жана баалоо планына, жергиликтүү жамааттын Уставынын талаптарына шайкештигин баалоо үчүн тиешелүү объекттерге барууга, визуалдык кароолорду жүргүзүүгө, өлчөөлөрдү жасоого жана мониторингдин башка ыкмалары менен аспаптарын пайдаланууга;
    • БМжБ объекттеринин ишине, ошондой эле өнүктүрүү программаларына жана пландарына, алардын аткарылышына жарандардын (жергиликтүү жамааттын ар кандай катмарларынын жана социалдык топторунун) жана алардын бирикмелеринин мамилелерин аныктоо үчүн коомдук пикир менен таанышууга;
    • өнүктүрүү программалары жана пландары, долбоорлор, демилгелер аткарылбаганда же талаптагыдай эмес аткарылганда, товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, жумуштар, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр сапатсыз

берилген же өз убагында берилбеген фактылары табылган учурда БМжБ актысын түзүүгө;

  • ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулук деңгээлин, бюджеттик ачык- айкындуулуктун муниципалдык индексин, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын аларды жүргүзүү методикасын аныктаган типтүү жоболорго ылайык жеткирилгенине баалоо жүргүзүүгө;
  • БМжБ өткөрүүгө жарандарды жана алардын бирикмелерин, илимий, эксперттик уюмдарды, көз карандысыз эксперттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын ж.б. тартууга;

 

9.     Биргелешкен мониторинг жана баалоонун жыйынтыктары жөнүндө документтер

 

  1. БМжБ тобу иш-чаралардын Иш планына ылайык жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү документтер түзүлөт. Алар: БМжБ Актысы жана жыйынды отчет.
  2. БМжБ Актысы БМжБ өткөрүү фактысын ырастаган документ болуп саналат. БМжБ Актысында төмөнкүдөй милдеттүү маалыматтар камтылат:
  • өткөрүүнүн максаты;
  • предмети жана объектиси;
  • өткөрүлгөн жер;
  • өткөрүлгөн мөөнөтү;
  • жыйынтыктарынын сүрөттөлүшү, анын ичинде: аныкталган фактылар, мониторинг жана баалоонун жыйынтыктары (анкеталоо, изилдөөлөр, фокус-топтор, коомдук пикирди сурамжылоо ж.б.);
  • жыйынтыктар боюнча сунуштар
  • Актыга тиркемелер (протоколдор, сүрөттөр, видео материалдар ж.б.). БМжБ Актысынын мисалы ушул Жобого 2-тиркемеде берилди.

БМжБ Актысына иш-чараны өткөрүүгө катышкан БМжБ тобунун бардык мүчөлөрү кол коет.

  1. Жыйынды отчет Иш планына ылайык жыл ичинде БМжБнын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө кыскача маалыматты камтыган документ болуп саналат. Жыйынды отчетто БМжБнын жыйынтыктары жөнүндө жалпыланган маалымат, ЖӨБ органдарына берилген актылар, актыларга жана сунуштамаларга жооп катары БМжБнын объекттеринин иш- аракеттери жөнүндө маалымат, ошондой эле БМжБ боюнча жүргүзүлгөн иш- чаралардын жыйынтыктары камтылат.

Жыйынды отчеттун мисалы ушул Жобого 3-тиркемеде берилди.

  1. БМжБ тобу БМжБ Актысын жергиликтүү кеңешке жиберет.

БМжБ Актысын жергиликтүү кеңеште каттагандан кийин топтун курамына кирген жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бири БМжБ объектисине БМжБ Актысын тиркөө менен депутаттык суроо-талапты, суроолорду же кайрылууну жиберет, аларга жоопторду БМжБнын объектиси мыйзамдарда белгиленген тартипте берүүгө тийиш.

Эгерде ЖӨБдүн аткаруучу органы БМжБ Актысы түзүлгөн БМжБнын объектиси болуп саналбаса, анда көрсөтүлгөн депутаттык суроо-талаптын, суроонун же БМжБ Актысын кароо жөнүндө кайрылуунун көчүрмөсү жана Акт ЖӨБдүн аткаруучу органына жиберилет.

Ушул Жобонун ушул пунктуна жана 11-пунктуна ылайык БМжБ Актысын БМжБ объектилери милдеттүү түрдө кароого тийиш.

  1. БМжБнын жыйынтыктарына жараша жергиликтүү кеңеш БМжБ тобунун сунуштамаларын аткаруу боюнча ЖӨБдүн аткаруучу органынын жетекчисинин отчетун угуу үчүн жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга же коомдук талкууну (чогулушту, коомдук угууларды, курултайды ж.б.) өткөрүү демилгесин көтөрүүгө укуктуу.
  2. БМжБ тобунун ишинин жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчет БМжБ тобунун төрагасынын жетекчилиги алдында топтун мүчөлөрүнүн жигердүү катышуусу менен даярдалат. БМжБ тобунун төрагасы (БМжБ тобунун төрагасында мүмкүнчүлүк болбогон учурда, топтун төрагасы аныктаган топтун мүчөсү) ЖӨБдүн аткаруучу органынын өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын аткарылышы жөнүндө отчетту жыл сайын эл алдында берүү учурунда жергиликтүү жамаат үчүн отчеттун презентациясын өткөрөт. БМжБнын жыйынтыктары боюнча даярдалган жыйынды отчет ЖӨБ органдарынын расмий сайттарында жарыяланат жана (же) эл көп көрчү жерлерде (такталарда, стенддерде) жайгаштырылат.

БМжБ тобунун ишинин жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчет БМжБ тобунун жыйынында кабыл алынат жана ага ыйгарым укуктуу болуп саналган, жыйынга катышкан БМжБ тобунун бардык мүчөлөрү, анын ичинде электрондук кол тамганы колдонуу менен кол коюшат.

 

№1 тиркеме

Жергиликтүү кеңешинин № __ токтому менен бекитилди

 

Кыдыр Аке  айыл аймагынын 202_____-жылга Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун иш планы

 

 

Биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттери жана предметтери (мындан ары –

БМжБ)

Индикатордун аталышы БМжБ жүргүзүлгөнүн ырастаган документтер БМжБ

жүргүзүлгөн мөөнөттөр

БМжБ тобунун жооптуу мүчөсү
1.
1.1.
1.2.
2.
2.1.
2.2.
3.
3.1.
3.2.
4.
4.1.
4.2.
5.
5.1.
5.2.

 

№2 тиркеме

 

                                                         Кыдыр Аке айыл  аймагынын Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун актысы

202      -жылдын «             »-                           .                                                                                                №           

 

                                      облусу                                  району                                                            айыл аймагы

 

  1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо (мындан ары – БМжБ) жүргүзүүнүн максаты:
  2. БМжБнын объектиси:
  3. БМжБнын предмети:
  1. БМжБ өткөрүлгөн жери:
  2. БМжБ жүргүзүлгөн мөөнөттөрү:
  3. БМжБнын жыйынтыктарынын сүрөттөлүшү:

БМжБны жүргүзүүнүн натыйжасында:

  • аныкталган фактылар:
  • мониторинг жана баалоонун жыйынтыктары (анкеталоо, изилдөөлөр, фокус топтор, коомдук пикирди сурамжылоо ж.б.):
  1. БМжБнын жыйынтыктары боюнча сунуштамалар жана сунуштар:
  1. Актыга тиркемелер (протоколдор, сүрөттөр, видео материалдар ж.б.)

1)                                                                                                                                          

2)                                                                                                                                          

 

3)                                                                                                                                            

Топтун төрагасы                                                                                                                     

аты-жөнү                                    кол тамгасы Топтун мүчөсү                                                                                                                                               

аты-жөнү                                       кол тамгасы Топтун мүчөсү                                                                                                                                   

аты-жөнү                                         кол тамгасы

Топтун мүчөсү                                                                                                                                   

аты-жөнү                                          кол тамгасы

 

 

Эскертүү: Актыга иш-чараны өткөрүүгө катышкан БМжБ тобунун бардык мүчөлөрү, бирок БМжБ тобунун үчтөн кем эмес мүчөсү жана БМжБ тобунун төрагасы кол коюшат

 

№3 тиркеме

 

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчет

202 -жылдын «              »-                           .                                                                                                             (202      -жыл үчүн)

                                      облусу                                  району                                                            айыл аймагы

 

 

  1. ЖӨБ органдарына берилген актылар жөнүндө БМжБнын жыйынтыктары жөнүндө жалпыланган маалымат:
    • БМжБ тобунун актыларынын саны:
    • БМжБнын актыларынын тематикасы:
    • :
  2. Берилген актыларга жана сунуштамаларга жооп катары БМжБнын объекттеринин иш-аракеттери жөнүндө маалымат:

 

БМжБ тобунун Актысы

(Акт жөнүндө

кыскача маалымат)

БМжБ тобунун аткарылган (эске алынган, кабыл алынган) сунуштамалары жана сунуштары (кыскача маңызы) БМжБ тобунун аткарылбаган (эсепке алынбаган, кабыл алынбаган) сунуштамалары жана сунуштары (кыскача себептери, андан аркы иш- аракеттер) БМжБ боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары
1
2
Жалпы саны: Жалпы саны: Жалпы саны:

 

Топтун төрагасы                                                                                                               

аты-жөнү                              кол тамгасы

Топтун мүчөсү                                                                                                          
аты-жөнү кол тамгасы
Топтун мүчөсү                                                                                                        
аты-жөнү кол тамгасы
Топтун мүчөсү                                                                                                        
аты-жөнү кол тамгасы
Топтун мүчөсү                                                                                                        
аты-жөнү кол тамгасы

 

 

Эскертүү: БМжБ тобунун ишинин жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчет БМжБ тобунун жыйынында кабыл алынат жана ага ыйгарым укуктуу болуп саналган, анын ичинде санариптик кол тамганы колдонуу менен жыйынга катышкан БМжБ тобунун бардык мүчөлөрү кол коюшат.

 

Leave a Reply