Муниципалдык менчиктеги ички чарбалык ирригациялык арык-каналдарын жана суу чарба курулмаларын Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

II чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы

   ТОКТОМ

ДОЛБООР                        

                                                                     

______________ № ____                                                                     Ак-Суу айылы

 

Муниципалдык менчиктеги ички чарбалык ирригациялык арык-каналдарын жана суу чарба курулмаларын  Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207  “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө”  токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун жана жергиликтүү кенештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ,СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология  маселелери  боюнча туруктуу комиссиянын  протоколун карап, талкууга алып,  айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. Ак-Суу району боюнча жүргузүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгынын негизинде тузүлгөн реестрге ылайык муниципалдык менчиктеги турган 2-ирээттеги ички чарбалык ирригациялык арык-каналдар жана суу чарба курулмалары Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2.         Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
  3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.

 


 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2002-жылдын 15-марты № 37

Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 184, 2008-жылдын 14-февралындагы № 12, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279, 2009-жылдын 15-июнундагы № 182, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 243, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2020-жылдын 6-мартындагы № 242023-жылдын 25-июлундагы № 1472023-жылдын 12-октябрындагы № 1872024-жылдын 29-июлундагы № 152 ,  2025-жылдын 31-июлундагы № 183  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Мүлккө муниципалдык менчик укугунун токтотулушу

 

10-статья. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун токтотулушу

Мүлккө муниципалдык менчик укугу төмөнкү учурларда:

мүлктү мамлекеттин менчигине акысыз ажыратканда, юридикалык жактардын жана жарандардын менчигине ажыратканда;

– мүлк кыйраганда же жок кылынганда, болбосо мүлккө карата менчик укугу жоюлганда;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттенмелери боюнча мүлк укугунан ажыратылганда;

– мүлккө муниципалдык менчикке карата укугу бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоюлганда;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда токтотулушу мүмкүн.

Мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратуу жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 1522008-жылдын 14-февралындагы № 122023-жылдын 12-октябрындагы № 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-статья. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу

  1. Муниципалдык менчикте турган мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү, алмаштыруу же мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратылышы мүмкүн.
  2. Муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке акысыз ажыраткан учурларды кошпогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Муниципалдык менчикте турган мүлктү ажыратуунун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.
  3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды копшогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү алып коюуга жол берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 1522023-жылдын 12-октябрындагы № 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-апрели № 207

Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 739, 2025-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 30-октябры № 706 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-статьясын, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1317-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суусун берүү, шаар статусу бар калктуу конуштардан тышкары жерлерде суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн ставкаларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар суу ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө”токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:

13-пунктта:

– биринчи абзацта “Айыл чарба” деген сөздөр “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 40-пунктча менен толукталсын:

“40) сугат суусун берүү, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ставкаларды белгилөөнүн тартибин.”.

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте:

1) муниципалдык менчиктеги, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана алардын бирикмелеринин пайдалануусундагы, ошондой эле ээси жок ирригациялык системаларды тактоо жана аныктоо боюнча жумушчу комиссияны түзсүн;

2) жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте 2026-жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик менчикке Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын тизмегине ылайык гидротехникалык курулмалары менен биринчи жана экинчи тартиптеги ички чарбалык ирригациялык каналдарды, декадалык жана суткалык жөнгө салуучу бассейндерди, көлмөлөрдү, насостук станцияларды жана скважиналарды кабыл алсын.

(КР 2025-жылдын 30-октябры № 706 Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык күчүн жоготту)

  1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) суу боюнча проблемалуу маселелерди чечүү үчүн облустук жана райондук суу чарба штабдарын түзсүн;

2) убактылуу сугат тармактарын тазалоого жана салууга көмөк көрсөтсүн.

3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 739, 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
  2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы   А.У. Жапаров

Leave a Reply