Кварталдар арасындагы тазалык конкурсу

КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

               Теплоключенка айыл өкмөтү  кварталдар арасында “Тазалыкты сактайлы” кароо-сынагы жарыялайт.

Кароо-сынактын негизги шарттары: үйүнүн тегерегинде, көчөдө, кварталда жана коомдук жайларда тазалыкты сактоо жана эң башкысы таштандынын акысын 100% чогултуу .

Кароо сынак 2023-жылдын 1-июлунан 20-августуна чейин созулат.

Тазалыкты сактаган жана таштандынын акысын  өз убагында калтырбай төлөгөн мыкты кварталга 25 000 сом өлчөмүндө сыйлык фонду каралган.

Сыйлык акчалай берилбейт!

Тургундар тарабынан көтөрүлгөн демилгенин негизинде  жеңип алган кварталды жакшыртууга жумшалат.

Тазалыкты сактайлы!!!

Демөөрчүлөр: Теплоключенка айыл өкмөтү, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”  долбоору

Теплоключенка айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орундарына ачык сынак жарыялайт

Башкы кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А, Б-Б) (2 штаттык бирдик) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку билим 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;…

Толук окуу…

Жарыя! Конкурс

Теплоключенка айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орундарына ачык сынак жарыялайт: Башкы кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А, Б-Б) (2 штаттык бирдик) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку билим 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы…

Толук окуу…

Ысык-Көл күз жарманкеси

Урматтуу Ак-Суу районунун тургундары жана коноктору,  Сиздерди, Ысык-Көлүбүздүн ак ниети менен өстүргөн баба дыйкандардын күзгү түшүмүн чогултуп, ишкерлерибиздин колунан жагымдуу тангакталып, ак дасторконуңузга сунган берекелүү күзгү жармакесине чакырабыз. Жарманкеде Ысык-Көл жергесинде өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары жана кайра иштетилген продукцияларды сунуштайбыз. Өткөзүлгөн жери: Каракол шаары, борбордук аянтча (К. Тыныстанов университет) Күнү:…

Толук окуу…