Айыл аймагы тууралуу жалпы маалымат
Кыдыр Аке айыл аймагы 8 (сегиз) айылдардан турат: Теплоключенка, Лесное, Кереге-Таш, Сары-Камыш, Кайырма-Арык, Ново-Константиновка, Пионер жана Эӊилчек. Теплоключенка айылы Ак-Суу районунун борбору болуп эсептелет. Теплоключенка айылы Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынан 12 км, Бишкек шаарынан 410 км жана темир-жол түйүнөн 230 км аралыкта жайгашкан. Деңиз денгээлинен 1825 м бийиктикте турат. Аймактын климаты континенталдуу кургак, жаан-чачындын орточо айлык нормасы 600-700 мм түзөт.
Айыл аймагындагы жайыттар жаздоо, күздөө жана кыштоо жайыттары үчүн пайдаланылат. Жайлоо жайыттары Ак-Суу токой чарбасынын аймагында жана сырт өрөөнүндө пайдаланылат.
Кыдыр Аке айыл аймагынын Алтын-Арашан жана Алмалуу жайытынан Ак-Суу дарыясы агып өтөт. Жайыт чегинде 17 табигый булак бар. Айыл аймагында адамдардын негизи жашоо булагы болуп мал чарбасы жана дыйканчылык болуп эсептелет.
Айыл аймагынын паспорттору