II чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ
ДОЛБООР
______________ № ____ Ак-Суу айылы
Кыдыр Аке айыл аймагында коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө», «Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Кыдыр Аке айыл аймагында коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн эрежелери бекитилсин,тиркелет.
- Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин
2026-жылдын ____-________________
№ _____ токтому менен бекитилет
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА КОММУНАЛДЫК КАЛДЫКТАР МЕНЕН ИШТӨӨНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИНИН
ДОЛБООРУ
- Жалпы жоболор
- Коммуналдыккалдыктарменеништөөнүн ушул Эрежелери(мындан ары – Эрежелер) ар бир адамдын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укугуна кепилдик берүүчү жана аны коргоо милдетин мамлекетке жүктөөчү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 49-беренесин аткаруу максатында КыдырАкеайылаймагыүчүништелип чыкты.
Ушул Эрежелерди иштеп чыгуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртууга багытталган жана Кыргыз Республикасынын «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө», «Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларын аткаруу максатында ишке ашырылат.
- Эрежелер коммуналдык калдыктарды түзүү, чогултуу, топтоо, ташуу, иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу (сактоо жана көмүү) боюнча иштөө тутумун уюштуруу мамилелерин жөнгө салат жана калдыктарды камтыган бирдиктүү жана аткаруу үчүн милдеттүү талаптарды белгилейт. Бул эрежелердин ченемдери Кыдыр Аке айыл аймагында (тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чегинде) жашаган жана иш жүргүзгөн бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
- Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан айылдарда (Калктуу конуштардын аймактарында) коммуналдык калдыктарды башкарууну уюштуруу Ак-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Кыдыр Аке айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыз кылынат жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы санитардык эрежелердин, гигиеналык жана экологиялык ченемдердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
- Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС» муниципалдык ишканасы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы калдыктарды чогултуу, топтоо жана сорттоо, кайра иштетүү, сактоо объекттери үчүн жер тилкелерин бөлүү мүмкүнчүлүгүн, мисалы: калдыктарды өзүнчө чогултуу үчүн контейнер аянтчалары, стационардык кабыл алуу пункттары, калдыктарды сорттоо аянтчалары/пункттары, ири габариттүү (эмерек, тиричилик техникасы ж.б.) коммуналдык калдыктарды жана кооптуу калдыктарды (батарейкалар, лампалар, электр жана электрондук жабдуулар ж.б.) таштанды тогүү жайында полигондордо же атайын бөлүнгөн жерлерде сактоо үчүн адистештирилген аянтчаларды карап чыгууга укуктуу.
- Ушул Эрежелер катуу коммуналдык калдыктарын иштетүү процессин жөнгө салат жана өндүрүш калдыктарын, суюк коммуналдык калдыктарын (канализация тармагынан, септиктерден жана тазалоочу курулмалардан чыккан калдыктар, саркынды суулар), ошондой эле курулуш калдыктарын камтыбайт.
- Негизги аныктамалар жана терминдер
- Бул Эрежелерде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
абонент – коммуналдык калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу жана/же андан ары иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүчү менен келишим түзгөн жеке же юридикалык жак;
кызмат көрсөтүүчү – белгиленген тартипте аныкталган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен коммуналдык калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, иштетүү жана/же андан ары колдонуу, ошондой эле калктуу конуштун аймагын тазалоо боюнча келишим түзгөн муниципалдык ишкана же юридикалык жак же жеке ишкер;
адистештирилген уюмдар – кайра иштетилүүчү материалдык ресурстар болуп саналган калдыктарды чогултуу, топтоо, иштетүү, кайра иштетүү боюнча иш жүргүзгөн жеке ишкерлер же юридикалык жактар;
коммуналдык калдыктар – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү коммуналдык калдыктардын тизмегине киргизилген, жүгүртүүнү мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары уюштура турган керектөө калдыктары жана өндүрүш калдыктары;
керектөө калдыктары – физикалык же моралдык жактан эскирүүдөн улам өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкон буюмдар, материалдар жана заттар. Керектөө калдыктарына ошондой эле адамдардын жашоо-турмушунун процессинде келип чыккан турмуш-тиричиликтин катуу калдыктары кирет;
катуу тиричилик калдыктары (мындан ары – КТК) – адамдардын жашоо-тиричилигинин натыйжасында, анын ичинде тамак-аш даярдоодо, турак жайларды, үй жанындагы аймактарды жана жалпы пайдалануудагы жерлерди тазалоодо, ошондой эле эскирген жана жараксыз болуп калган үй тиричилик буюмдарынын керектөө калдыктары;
катуу коммуналдык калдыктар (мындан ары – ККК) – катуу тиричилик калдыктарын, ошондой эле юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин кесиптик ишмердигинин жүрүшүндө пайда болгон калдыктарды жана курамы боюнча жеке жактардын керектөө процессинде турак жайларда пайда болгон калдыктарга окшош калдыктарды камтыйт. Ошондой эле катуу коммуналдык калдыктарга ири габариттүү калдыктар – эмерек, тиричилик техникасы, интерьер буюмдары, турак жайлардын майда-чүйдөсүн оңдоодон чыккан калдыктар, сантехника кирет. ККК өндүрүш калдыктарын, суюк коммуналдык калдыктарды (канализациялык тармактан, септиктерден жана тазалоочу курулмалардан чыккан калдыктар, саркынды суулар), ошондой эле курулуш калдыктарын камтыбайт;
өндүрүш калдыктары – продукция өндүрүү же жумуштарды аткаруу процессинде пайда болгон жана керектөө касиеттерин толугу менен же жарым-жартылай жоготкон материалдардын, чийки заттардын, жарым фабрикаттардын калдыктары, ошондой эле өндүрүш процессинде пайда болгон жана бул өндүрүштө колдонулбаган кошумча заттар;
калдыктар менен иштөө – калдыктарды чогултуу, топтоо, ташуу, иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу боюнча иш:
– калдыктарды чогултуу – аларды андан ары иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу максатында калдыктарды кабыл алуу;
– калдыктарды топтоо – аларды андан ары иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу максатында калдыктарды он бир айдан ашпаган мөөнөткө сактоо;
– калдыктарды ташуу – калдыктарды автомобиль, темир жол, аба, суу транспорту менен ташуу;
– калдыктарды иштетүү – калдыктарды андан ары кайра иштетүүгө, анын ичинде аларды сорттоого, бириндетип ажыратууга, тазалоого алдын ала даярдоо;
– калдыктарды кайра иштетүү – продукцияны өндүрүү жана иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу же энергия алуу үчүн калдыктарды колдонуу;
– калдыктарды зыянсыздандыруу – калдыктардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин төмөндөтүү максатында калдыктардын массасын азайтуу, алардын курамын, физикалык жана химиялык касиеттерин өзгөртүү (анын ичинде адистештирилген орнотмолордо өрттөө жана (же) зыянсыздандыруу);
– калдыктарды жайгаштыруу – калдыктарды сактоо жана көмүү;
– калдыктарды сактоо – калдыктарды көмүү, зыянсыздандыруу же кайра иштетүү максатында алып чыкканга чейин аларды атайын жабдылган топтогучтарда сактоо;
– калдыктарды көмүү – булгоочу заттардын айлана-чөйрөгө киришинин алдын алууга багытталган жана бул калдыктарды андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган атайын сактоочу жайларда калдыктарды изоляциялоо;
– калдыктарды өрттөө үчүн атайын орнотмолор – калдыктарды жогорку температурада экологиялык жактан мүмкүн болушунча коопсуз ыкма менен өрттөөчү жабдуулар (инсинераторлор, пиролиздик мештер, электрдик догоо мештери);
– калдыктарды компосттоо – органикалык калдыктарды, анын ичинде тамак-аш калдыктарын, аэробдук микроорганизмдер менен кайра иштетүү;
– кайра иштетилүүчү чийки зат – баштапкы толук пайдалануудан (эскирүүдөн) кийин өндүрүштө баштапкы чийки зат катары кайрадан колдонулушу мүмкүн болгон материалдар жана буюмдар;
кайра иштетилүүчү материалдык ресурстар (кайра иштетилүүчү калдыктар) – чарбалык иштин процессинде пайда болгон өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары, алар үчүн түздөн-түз же кошумча иштетилгенден кийин кайталап пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар;
контейнердик аянтча – катуу негизи жана тосмосу бар коммуналдык калдыктарды топтоо үчүн атайын жабдылган жер (аянтча), анда коммуналдык калдыктарды чогултуу үчүн контейнерлер, анын ичинде калдыктардын түрлөрү боюнча өзүнчө чогултуу, коммуналдык калдыктарды ташууну ишке ашыруучу адистештирилген транспорт үчүн келүүчү жолдору бар контейнерлер жайгаштырылат;
калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу үчүн контейнер – калдыктардын айрым түрлөрүн өз-өзүнчө чогултуу үчүн арналган жана контейнердик аянтчаларда же ал үчүн атайын бөлүнгөн жерлерде жайгаштырылуучу тиешелүү контрасттык маркалоосу бар атайын контейнер;
кабыл алуу пункту – зыянсыздандырылууга тийиш болгон экинчи материалдык ресурстарды жана башка калдыктарды кабыл алуу же даярдоо үчүн арналган атайын жабдылган жай же транспорт каражаты;
катуу коммуналдык калдыктарды сорттоо объекттери – бул калдыктарды керектөөчүлөргө зарыл болгон калдыктардын мүнөздөмөлөрү боюнча калдыктардын өзүнчө чогултулган айрым түрлөрүн кошумча сорттоо үчүн аянтча, экинчи материалдык ресурстардын жайлары;
катуу коммуналдык калдыктарды сорттоо линиясы – аралаш коммуналдык калдыктарды сорттоо үчүн арналган курулмалар (курулмалар комплекси) жана (же) жабдуулар (орнотмолор);
калдыктардын түрү – келип чыгышына, касиеттерине жана иштетүү технологиясына ылайык жалпы белгилери бар калдыктардын жыйындысы;
товарды пайдалануудан калган таңгак калдыктары – товарлар, товарлардын таңгактары керектөө сапаттарын толугу менен же жарым-жартылай жоготкондон кийин пайда болгон калдыктар – Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына туруктуу жайгаштыруу үчүн ташылып келинген товарлар таңгакталган полимердик, айнек, кагаз жана (же) картон таңгактардын, курама материалдардан жасалган таңгактардын калдыктары;
кооптуу калдыктар – өзүнүн курамында кооптуу касиеттерге ээ болгон заттарды камтыган жана өзүнчө турганда, ошондой эле башка заттарга аралашкан учурда адамдардын ден соолугу же айлана-чөйрө үчүн түздөн-түз же потенциалдуу коркунуч туудурган санда жана түрдө болгон өндүрүш жана керектөө калдыктары;
электр жана электрондук жабдуулардын калдыктары – керектөө касиеттерин жоготкон электр жана электрондук жабдуулар, анын ичинде эксплуатациядан чыгарылган учурда жабдуунун бир бөлүгү болгон компоненттер, түйүндөр;
кубаттандыруу элементтеринин калдыктары (батарейкалар) – транспортто пайдаланылуучу аккумуляторлордон тышкары, ар кандай типтеги тиричилик гальваникалык элементтер, ар кандай типтеги турмуш-тиричилик аккумуляторлору менен берилген калдыктар;
ири габариттүү калдыктар – өлчөмү, салмагы жана түрү калдыктарды чогултуу үчүн контейнерлерге топтоого мүмкүндүк бербеген калдыктар (эмерек, турмуш-тиричилик техникасы, турак жайларды оңдоодон чыккан калдыктар ж. б. курулуш калдыктары ири габариттүү калдыктар болуп саналбайт);
органикалык калдыктар – бул жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн чыккан, өзүнүн жашоо циклинин алкагында табигый жол менен ажырай турган калдыктар;
тамак-аш калдыктары – керектөө касиеттерин жоготкон тамак-аш азыктары, ашканалардын калдыктары, коомдук тамактануу жайларынын калдыктары;
тиричилик калдыктарын көмүү лимити – айлана-чөйрөнү коргоо органы тарабынан берилген уруксатта көрсөтүлгөн мөөнөттө полигонго көмүүгө уруксат берилген конкреттүү түрдөгү калдыктардын чектүү жол берилген көлөмү;
калдыктардын пайда болуу ченеми – жеке (м3/жыл/тургундар) жана юридикалык жактар (м3/жыл) тарабынан белгиленген убакыт аралыгында чыгарылуучу катуу тиричилик калдыктарынын белгиленген саны (көлөмү).
таштанды төгүүчү жайларды рекультивациялоо – таштанды төгүүчү жай жабылгандан кийин жерлерди жана суу ресурстарын калыбына келтирүү боюнча чаралардын комплекси.
- Коммуналдык калдыктарды иштетүү боюнча жалпы талаптар
- 7. Калдыктарды рационалдуу башкаруу төмөнкүлөргө багытталган:
– калдыктардын пайда болуу себептерин азайтуу;
– калдыктардын санын (көлөмүн) жана кооптуулугун азайтуу аркылуу калдыктарды азайтуу;
– калдыктарды кайра колдонууну, кайра иштетүүнү жана компосттоону көбөйтүү;
– калдыктарды милдеттүү түрдө сорттоодон жана алардан экинчи ресурстарды жана кооптуу калдыктарды чыгарып алгандан кийин аларды атайын өрттөөчү жайларда энергия өндүрүү үчүн колдонуу менен зыянсыздандыруу;
– калдыктарды көмүү, алардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасиринин алдын алуу;
– калдыктарды көмүү үчүн пайдаланылбаган таштанды төгүүчү жайларды рекультивациялоо.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана (же) бул калдыктардын пайда болуу булагы болгон мүлктү пайдалануу жөнүндө келишимде башкача каралбаса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калдыктар атайын бөлүнгөн таштанды чогултуучу жайларда (таштанды урналары, бактар, контейнерлер жана полигондор) пайда болгон учурдан тартып калдыктарга менчик укугуна ээ болушат.
- Кызмат көрсөтүүчүлөр жана адистештирилген уюмдар калдыктарды менчикке айландыруу жөнүндө келишимдин, бүтүмдүн же калдыктарды башка жол менен менчикке айландырууга далил болгон башка аракеттердин негизинде калдыктарга менчик укугун алышат.
- Кыдыр Аке айыл аймагынын/шаардын аймагында жашаган же ишмердигин жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу жана андан ары иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүчү «Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС» муниципалдык ишканасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзүүгө тийиш.
- Коммуналдыккалдыктарды түзүү ченемдерижергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу аймактагы жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылып, жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет. ????????
- Эгерде санитардык эрежелерде жана ченемдерде каралбаса, калдыктарды чогултууда, ташып чыгууда жана жайгаштырууда суюк калдыктарды катуу калдыктар менен, тиричиликтик калдыктарды өнөр жай калдыктары менен аралаштырууга, ошондой эле ар кандай кооптуулук классындагы калдыктарды аралаштырууга жол берилбейт.
- 13. Өндүрүштүк ишканалардын чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында пайда болгон өндүрүш калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо бул ишканалардын күчү менен атайын жабдылган жерлерде ишке ашырылат, алардын жайгашкан жери, ошондой эле калдыктарды жайгаштыруу лимиттери жана аларды сактоо мөөнөтү калдыктарды чогултуу жана ташып кетүү боюнча кызмат көрсөтүүчү «Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС» муниципалдык ишканасы менен сөзсүз түрдө макулдашылат.
- Калдыктарды убактылуу сактоого калдыктарды убактылуу сактоо лимитинен ашпаган көлөмдө атайын бөлүнгөн участоктордо гана уруксат берилет.
- Ишкананын аймагында атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары калдыктарды сактоого жана аларды жайгаштыруунун чегинен (лимитинен) ашырууга тыюу салынат.
- Таштанды төгүүчү жайдын Полигондун сыртында бардык түрдөгү калдыктарды уруксатсыз көмүүгө тыюу салынат.
- Бардык түрдөгү калдыктарды атайын орнотмолорсуз өрттөөгө тыюу салынат.
- Айлана-чөйрөгө терс таасир этүүнүн бир түрү катары айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн калдыктарды көмүүдөн төлөм алынат. Төлөмдүн формасы жана аны эсептөө тартиби айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
- 19. Бардык калдыктарды чогултуу, ташуу, зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу менен байланышкан чыгымдарды жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген тарифтерге ылайык таштанды чыгаруучу толугу менен төлөйт.
- Жергиликтүү кеңеш абоненттер үчүн дифференцияланган тарифтерди, анын ичинде кайра иштетилүүчү калдыктарды өзүнчө чогултуу боюнча милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткарган абоненттер үчүн да бекитүүгө укуктуу.
- IV. Жооптуу тараптардын укуктары жана милдеттери
- 21. Калдыктар менен иштөө жаатында Кыдыр Аке жергиликтүү кеӊешинин жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
– калдыктарды чогултуу, иштетүү, кайра иштетүү жана жайгаштыруу боюнча жаңы объекттерди курууну, иштеп жаткан объекттерди кеңейтүүнү жана реконструкциялоону каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетти уюштуруу;
– калктуу конуштардын аймактарынан калдыктар менен иштөө эрежелерин бекитүү;
– калктуу конуштардын аймагында калдыктар менен иштөө, өзүнчө жыйноо жана жоопкерчилик менен керектөө боюнча калкты маалымат менен камсыз кылуу;
– калдыктар менен иштөө жаатында региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик программаларды аткаруу;
– калдыктарга байланыштуу кырсыктардын, авариялардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча чараларды ишке ашыруу;
– коммуналдык калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жайгаштыруу үчүн тарифтерди бекитүү;
– коммуналдык калдыктар менен иштөө жаатындагы инвестициялык программаларды бекитүү.
- Кызмат көрсөтүүчүнүн «Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС» муниципалдык ишканасынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
– бекитилген графикке ылайык абоненттердин жана жалпы пайдалануудагы жерлерден коммуналдык калдыктарды өз-өзүнчө чогултууну жана чыгарууну камсыз кылуу;
– калдыктарды топтоо, иштетүү, кайра иштетүү, жайгаштыруу боюнча ишмердүүлүк (кызмат көрсөтүүчү үчүн колдонгонуна жараша);
– абоненттердин маалымат базасын жүргүзүү;
– коммуналдык калдыктарды топтоочу жерлерди жайгаштыруу схемасын аныктоо жана реестрин жүргүзүү;
– коммуналдык калдыктарды топтоочу жерлерди (контейнер аянтчалары жана контейнерлер, кабыл алуу пункттары, коомдук жайлардагы контейнерлер (таштанды урналары) ж.б.) күтүү жана тейлөө;
– коммуналдык калдыктар менен иштөө жаатында өндүрүштүк жана инвестициялык программаларды иштеп чыгуу;
– пайда болгон, кайра иштетилген, кайра иштетүүгө же жайгаштырууга берилген калдыктардын сандык жана сапаттык эсебин жүргүзүү;
– калкты калдыктар менен иштөө боюнча маалымат менен камсыз кылуу жана абоненттер менен калдыктарды өзүнчө чогултуу жана жоопкерчиликтүү керектөө боюнча үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
– муниципалдык ишкананын уставында же Кыдыр Аке айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен кызмат көрсөтүүчүнүн ортосундагы келишимде аныкталган башка ыйгарым укуктар.
- Калдыктарды өндүрүүчүлөрдүн (абоненттердин) милдеттери:
– «Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС» муниципалдык ишканасы кызмат көрсөтүүчүлөр менен калдыктарды чогултуу жана чыгаруу боюнча келишим түзүү;
– калдыктарды келишимде көрсөтүлгөн контейнерлерге же атайын жерлерге гана чогултуу;
– калдыктарды өзүнчө чогултууну ишке ашыруу;
– адистештирилген уюмдар менен калдыктарды кайра иштетүү боюнча келишим түзүү (юридикалык жактар үчүн) жана чогултулган жана кайра иштетүүгө тапшырылган калдыктардын эсебин жүргүзүү (жазуулар жана эсептөө);
– эгерде калдыктарды өндүрүүчү/абонент өз алдынча алып кетүү менен алектенсе, калдыктарды полигонго кабыл алууну камсыз кылган кызмат көрсөтүүчү менен калдыктарды жайгаштыруу жөнүндө келишим түзүү;
– келишимге ылайык кызмат үчүн өз убагында төлөө;
– ири габариттүү калдыктар, курулуш же имараттарды бузуудан калган калдыктар пайда болгон учурда, бул калдыктарды атайын акы төлөнүүчү алып кетүүнү уюштуруу үчүн муниципалдык ишканага кызмат көрсөтүүчүгө арыз менен кайрылуу.
- Коомдук иш-чараларды уюштуруучулардын милдеттери:
– иш-чара башталганга чейин калдыктарды чыгаруу боюнча «Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС» муниципалдык ишканасы кызмат көрсөтүүчү менен келишим түзүү;
– эгерде иш-чарага 200дөн ашык адам катышуусу күтүлсө, калдыктарды өзүнчө чогултуу үчүн контейнерлерди камсыз кылуу (кагаз, пластик, айнек, суусундуктар үчүн металл банкалар);
– иш-чара өткөрүлгөн аймакты иш-чара аяктагандан кийин 8 (сегиз) сааттын ичинде тазалоону камсыз кылуу.
- Калдыктарды чогултуу жана топтоо боюнча, анын ичинде
өзүнчө чогултуу жана сорттоо боюнча талаптар
- Калдыктарды пайда кылуучу юридикалык жактар (абоненттер) өз эсебинен калдыктарды чогултууга жана аларды түрлөрү боюнча бөлүүгө милдеттүү.
- Эгерде кызмат көрсөтүүчү (турак жайларды тейлөөчү юридикалык жактар же башка жактар) тарабынан зарыл шарттар түзүлсө, жеке жактар калдыктарды чогултууга жана аларды түрлөрү боюнча бөлүүгө милдеттүү.
- 27. Юридикалык жана жеке жактардан калктуу конуштарда катуу коммуналдык калдыктарды чогултуу жана топтоо төмөнкү ыкмалар менен уюштурулушу керек (калктуу конуштун түрүнө жана колдонулушуна жараша):
– көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы контейнер аянтчаларында;
– юридикалык уюмдардын (абоненттердин) контейнердик аянтчаларына жайгаштырылат. Калдыктар калдыктарды өзүнчө чогултуу үчүн контейнерлерге чогултулат;
– баштыктарда жана каптарда чогултулган калдыктар чогултуучу жерлерде же жеке үйлөрдүн жанында чогултулат. Кайра иштетилүүчү калдыктар өзүнчө баштыктарга жана каптарда чогултулат;
– кайра иштетилүүчү чийки заттарды (кайра иштетилүүчү калдыктарды) жана зыянсыздандырууну талап кылган башка калдыктарды кабыл алуу пункттарында;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары/кызмат көрсөтүүчүлөр/адистештирилген уюмдар тарабынан орнотулган пластик чогултуучу торлордо;
– коомдук жайларда орнотулган урналарда/контейнерлерде (парктар, скверлер, аялдамалар, базарлар ж.б.);
– катуу коммуналдык калдыктарды сорттоо пункттарында (полигондордо же атайын бөлүнгөн жерлерде).
- Калдыктарды чогултууда аларды төмөнкүлөргө бөлүү камсыз кылынышы керек:
– кайра иштетилүүчү калдыктар: пластик, кагаз, картон жана айнек, текстиль калдыктары (эгер мүмкүн болсо) жана башкалар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 322 «Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын жана товарлардын таңгагынын тизмегин жана товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын жана товарлардын таңгактарынын тизмеси);
– кайра иштетилбеген – аралаш калдыктар;
– тамак-аш калдыктары (эгер өзүнчө чогултууга жана кайра иштетүүгө мүмкүн болсо – компосттоо, биогаз орнотмолору ж.б.);
– электр жана электрондук жабдуулардын калдыктарын, батареяларды (батарейкаларды), ири көлөмдөгү коммуналдык калдыктарды өзүнчө чогултууну кароо (кабыл алуу пункттары, полигондордогу же атайын жерлердеги сактоо жана сорттоочу жайлар).
- Өзүнчө чогултулган калдыктар калктуу конушта калдыктардын бул түрүн кайра иштетүү боюнча адистештирилген уюмдун бар экендигин же аны башка жакынкы калктуу конушка кайра иштетүүгө жеткирүү мүмкүнчүлүгүн же калдыктардын ушул түрүн актоо, зыянсыздандыруу, көмүү үчүн адистештирилген аянтчанын болушун эске алуу менен аныкталат.
- Контейнерлердин/мүшөктөрдүн саны калктуу конуштун аймагында чогултулуучу кайра иштетилүүчү калдыктардын өз-өзүнчө түрлөрүнүн санына жараша эсептелет. Кызмат көрсөтүүчү абоненттерге кайра иштетилүүчү калдыктарды чогултуу үчүн мүшөктөрдү бере алат.
- Эгерде таштанды чыгаруучу (абонент) калдыктарды түрлөргө бөлүү боюнча талаптарды аткарбаса, анда аларды түрлөргө бөлүү бул калдыктарга менчик укугу өткөн кызмат көрсөтүүчү же адистештирилген уюм тарабынан ишке ашырылат.
- Юридикалык жактар (абоненттер) өз аймагында калдыктарды сорттоодо төмөнкүлөргө милдеттүү:
– калдыктарды өзүнчө чогултуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерди жана идиштерди, калдыктардын түрлөрүнө ылайыктуу керектүү сандагы контейнерлер менен камсыз кылуу;
– чогултулган жана кайра иштетүүгө тапшырылган калдыктарды эсепке алуу (жазуу жана эсептөө) системасын уюштуруу;
– калдыктарды башкаруу системасына жооптуу кызматкерди аныктоо;
– калдыктарды чыгарууну камсыз кылган кызмат көрсөтүүчүлөр менен калдыктарды кайра иштетүү боюнча адистештирилген уюмдарга кайра иштетилүүчү калдыктардын берилерин милдеттүү түрдө көрсөтүп келишим түзүү;
– өз уюмуңузда калдыктарды башкаруу боюнча үзгүлтүксүз окутууларды өткөрүп туруу.
- Көчөлөрдө, вокзалдарда, базарларда, аэропорттордо, сейил бактарда, скверлерде, эс алуу зоналарында, билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, көпчүлүк эл чогулган башка жерлерде, көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолорунда, коомдук транспорт аялдамаларында, калктуу пункттун аймагында иштеген бардык ишканалардын жана мекемелердин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин, соода жана тейлөө объектилеринин кире беришинде калдыктардын тандалган түрлөрү боюнча өзүнчө чогултууну эске алуу менен урналар, контейнерлер орнотулушу керек.
- Калк көп чогулган жерлерде урналар/контейнерлер (бир жерде өзүнчө чогултуу үчүн экиден кем эмес) бири-биринен 50 метр аралыкта, көчөлөрдө 100 метрге чейинки аралыкта орнотулат.
- Бекитилген аймактагы контейнерлер бекитилген аймактарды күтүүгө жооптуу жеке жана юридикалык жактардын өз каражаттарынын эсебинен орнотулат. Жанаша аймакта жана жалпы пайдалануудагы башка жерлерде контейнерлер жергиликтүү бюджеттин же кызмат көрсөтүүчүнүн эсебинен орнотулат.
- Өндүрүштүк ишканалардын чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында пайда болгон өндүрүш калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо ишканалардын өз эсебинен, бул максаттар үчүн атайын жабдылган жерлерде жүргүзүлөт, алардын жайгашкан жери, ошондой эле калдыктарды жайгаштыруу лимиттери жана аларды сактоо мөөнөтү калдыктар менен иштөө жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен сөзсүз түрдө макулдашылат. Калдыктарды ишкананын аймагында атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары жерлерге сактоого жана аларды жайгаштыруу лимиттеринен ашырууга тыюу салынат.
- Катуу коммуналдык калдыктарды чыгарууга коюлуучу талаптар
- Абоненттен калдыктарды чыгаруу жана ташуу кызмат көрсөтүүчү тарабынан келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
- Абоненттерден калдыктарды чыгаруу үчүн төлөм келишимдерге ылайык, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген тариф боюнча алынат.
- Коммуналдык калдыктар кайра иштетилүүчү жана аралаш калдыктарды чыгаруунун ар кандай күндөрүн/сааттарын караган бекитилген график боюнча чыгарылат. Кайра иштетилүүчү калдыктар топтолгон жерлерден топтолушуна жараша ай сайын чыгаруу графигине ылайык, бирок айына 1 жолудан кем эмес чыгарылат.
- Ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган техникалык документтерге ылайык, транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөлөрү аралаш жана өзүнчө топтолгон калдыктарды аралаштырбай бир убакта ташууга түздөн-түз мүмкүндүк берген учурларды кошпогондо, аралаш жана өзүнчө чогултулган кайра иштетилүүчү калдыктарды бир эле адистештирилген транспорт каражаты менен бир убакта ташууга жол берилбейт.
- Кызмат көрсөтүүчүкалдыктарды ташып чыгаруу графиги жөнүндө абоненттерге өз убагында маалымдоого милдеттүү.Калдыктарды ташып чыгаруу графиги өзгөргөн учурда кызмат көрсөтүүчү абоненттерге жаңыланган график күчүнө киргенге чейин он жумушчу күндөн кем эмес убакытта кабарлоого милдеттүү.
- Кызмат көрсөтүүчү белгиленген график жана маршрут боюнча атайын транспорт каражатын таштанды чогултуучу жерлерге айдап барат, жүктөйт жана төмөнкү объекттерге ташыйт:
– аймагында жайгашкан иштетүү жана кайра иштетүү (кайра иштетилүүчү, экинчи материалдык ресурстар болуп эсептелген калдыктар) жайларына;
– полигонго таштанды төгүүчү жайга жайгаштыруудан же зыянсыздандыруудан (атайын орнотмолордо же калдыктарды өрттөөчү заводдо өрттөө (эгер мүмкүн болсо) мурун сорттоо (аралаш калдыктар) пункттарына.
- Юридикалык жактар (абоненттер) өз-өзүнчө чогултулган кайра иштетилүүчү калдыктарды кызмат көрсөтүүчүлөргө, ошондой эле калдыктарды кайра иштетүү боюнча адистештирилген уюмдарга келишимдин негизинде өткөрүп берүүгө укуктуу.
- Кызмат көрсөтүүчү тарабынан тейленүүгө камтылбаган юридикалык жактар калдыктарды кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу жерине ташып чыгууну өз алдынча жүргүзүшөт.
- Курулуш жана (же) кыймылсыз мүлк объекттерин оңдоо иштерин жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар иш баштаганга чейин курулуш калдыктарын жайгаштырууга келишим түзүшү, аны өз алдынча (келишимге ылайык) же кызмат көрсөтүүчү менен келишим боюнча алып чыгышы зарыл.
- Көчөлөрдү жана аянттарды тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө калдыктарын чыгаруу кызмат көрсөтүүчү тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.
- Калдыктарды ташуу алардын төгүлүп кетүүсүнө, агып кетүүсүнө жана ташуу процессинде айлана-чөйрөнүн булганышына жол бербеши керек.
VII. Коммуналдык калдыктарды чогултуу үчүн
контейнердик аянтчаларга коюлуучу талаптар
- Контейнер аянтчасындагы контейнерлердин зарыл болгон саны жана алардын сыйымдуулугу контейнерлерди колдонгон калктын санына жана калдыктарды топтоо нормаларына жараша аныкталат.
- 49. Контейнер аянтчалары төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
– контейнер аянтчалары, ошондой эле аларга кирүүчү жолдор катуу асфальт же бетон менен капталып, жолдун боюна карай жантайып, атайын автотранспорт үчүн ыңгайлуу кире бериш болушу керек;
– контейнерлерди жолдун жүрүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго орнотууга тыюу салынат;
– контейнердик аянтчанын үч тарабында бийиктиги 1,5 метрден кем эмес тосмо болушу керек жана жаан-чачындан коргоо үчүн жабык (чатыр, бастырма ж. б.) болушу керек;
– контейнер аянтчалары турак үйлөрдөн, балдар мекемелеринен, спорттук аянтчалардан жана калк эс алуучу жерлерден кеминде 20 метр, бирок 100 метрден ашпаган аралыкта алыс жайгаштырылышы керек;
– контейнерлер техникалык жактан оң абалда болушу керек, сырдалган, калдыктардын түрлөрү боюнча белгиленген;
– контейнерлерден калдыктарды чыгаруунун жөнөкөйлүгү;
– тургундар үчүн калдыктарды жүктөө жөнөкөйлүгү;
– контейнерлердин толуп кетишине жол берилбейт;
– контейнер аянтчалары жана контейнерлер техникалык жактан оң абалда болушу керек, таза жана тыкан кармалып, мезгил-мезгили менен дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланып турушу керек.
- Белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор боюнча жабык типтеги контейнер аянтчаларын даярдоого жол берилет.
- Контейнердик аянтча кайра иштетилүүчү калдыктарды өзүнчө чогултуу үчүн өзүнчө контейнерлер жана аралаш калдыктар үчүн контейнерлер менен жабдылат.
- Контейнер аянтында анда калдыктарды өзүнчө чогултуу, чогултулган кайра иштетилүүчү калдыктардын түрлөрү жана контейнерлерге ыргытууга тыюу салынган калдыктар, ошондой эле калдыктарды чыгаруу графиги жөнүндө белгиленген өлчөмдөгү табличкалар түрүндө маалымат жайгаштырылышы керек.
- Аянтчада өзүнчө чогултуунун натыйжалуу иштеши үчүн жооптуу адамды дайындоо сунушталат, анын милдеттерине түшүндүрүү, көзөмөлдөө, кайра иштетилүүчү калдыктарды эсепке алуу жана аларды кайра иштетүү үчүн адистештирилген уюмдарга өткөрүп берүү кирет.
- Контейнер аянтчасында же мүмкүнчүлүк болгон учурда атайын бөлүнгөн жерлерде орто жана ири көлөмдөгү тиричилик калдыктарын (эмерек, тиричилик техникасы ж.б.) жана электрдик жана электрондук жабдуулардын калдыктарын чогултуу үчүн орундар уюштурулат. Контейнер аянтчасында бул калдыктарды чогултуу үчүн тосмолор болушу мүмкүн.
- Контейнер аянтчаларын жана чогултуу үчүн контейнерлерди санитардык жактан күтүү контейнер аянтчасына жооптуу уюмдун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
VIII. Контейнерлерге, анын ичинде өзүнчө чогултууларга
коюлуучу талаптар
- 56. Контейнерлер техникалык стандарттарга жооп бериши керек жана:
– техникалык жактан оң абалда, сырдалган, калдыктардын түрүн көрсөткөн белгилери, түшүндүрмө белгилери, кайра иштетүү белгиси болушу керек;
– капкактар жана дөңгөлөктөр менен жабдылган;
– бышык, отко чыдамдуу, абанын температурасынын жана нымдуулуктун өзгөрүшүнө туруктуу;
– контейнерлерден калдыктарды атайын техника менен бошотууга ылайыктуу;
– таштанды чыгаруучулар үчүн калдыктарды жүктөөгө оңой болууга тийиш. Контейнерлерди толтурууга жол берилбейт, контейнерлер мезгил-мезгили менен жуулуп, дезинфекцияланып турушу керек.
- Орнотулган контейнерлер ар биринин максатына ылайык түстүк индикацияга жана белгиге ээ болууга тийиш:
– кайра иштетилүүчү чийки заттар үчүн (кайра иштетилүүчү калдыктар) көк түстөгү бактар;
– аралаш калдыктар үчүн боз түстөгү бактар.
Эгерде аянтчада кайра иштетилүүчү калдыктардын бир нече түрү болсо, анда бардык контейнерлер ар кандай түстө болушу керек:
кызыл – пластик үчүн;
жашыл – айнек үчүн;
сары – макулатура үчүн;
кызгылт сары – темир банкалар үчүн;
күрөң – органика үчүн.
- Түстүү контейнерлерди орнотуу мүмкүн болбогон учурда, калдыктардын түрүн аныктоочу сөздөр жана сүрөттөр көрсөтүлгөн тиешелүү түстөгү маалыматтык чаптама менен алмаштыруу каралган.
- IX. Кабыл алуу пункттарына коюлуучу талаптар
- Кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды (кайра иштетилүүчү калдыктарды) жана иштетүүнү жана зыянсыздандырууну талап кылган башка калдыктарды (батарейкалар, электрондук жана электр жабдуулары) кабыл алуу пункттары экинчи материалдык ресурстарды же катуу коммуналдык калдыктардын башка түрлөрүн чогултууга (даярдоого) кызыкдар муниципалдык ишканалар, юридикалык жактар, жеке ишкерлер тарабынан уюштурулушу мүмкүн.
- Кабыл алуу пункттарынын төмөнкү түрлөрү бар: стационардык жана көчмө.
- Чоң жана орто калктуу конуштарда кеминде бир стационардык кабыл алуу пункту уюштурулушу керек.
- Калкынын саны 1 миң адамдан аз болгон чакан калктуу конуштар үчүн экинчи чийки заттарды жыйноону (даярдоону) көчмө кабыл алуу пункттары аркылуу жүргүзүүгө болот.
- Стационардык кабыл алуу пункттары төмөнкүлөр менен жабдылышы керек:
– катуу катмар менен жабылган жай (катуу катмар жана чатыры бар өзүнчө жабдылган аянтчалар);
– кабыл алынган калдыктарды таразалоо же калдыктардын сандык эсеби үчүн жабдуулар;
– аларда чогултулган калдыктардын түрүн жана аталышын көрсөтүү менен белгиленген калдыктарды чогултуу жана сактоо үчүн контейнерлер, сыйымдуулуктар жана башка идиштер;
– калдыктарды тыгыздоочу пресс менен (зарыл болсо);
– иштөө убактысын, сатып алуу бааларын, кабыл алынуучу калдыктардын тизмесин, аларга коюлуучу талаптарды көрсөтүү менен маалыматтык белгилер (стенддер) менен.
- 64. Стационардык кабыл алуу (даярдоо) пунктунда убактылуу сакталган калдыктардын көлөмү сактоо шарттарына ылайык келүүгө тийиш.
- Көчмө кабыл алуу пункттары (даярдоо пункттары) төмөнкүлөр менен жабдылышы керек:
– бүтүндөй металл жана (же) үстү жабылган кузов;
– кабыл алынуучу калдыктарды таразалоо үчүн жабдуулар;
– калдыктарды чогултуу үчүн контейнерлер, идиштер жана башка идиштер; – ар бир калктуу пунктта (калктуу конуштун бөлүгүндө) иштеген орду жана убактысы, сатып алуу баалары, кабыл алынуучу калдыктардын тизмеси, аларга карата талаптар көрсөтүлгөн маалыматтык белгилер (такталар).
- Кабыл алуу пункттарына келип түшкөн калдыктар таразага тартуу же санын эсептөө жолу менен аныкталуучу калдыктардын иш жүзүндөгү көлөмдөрүнүн негизинде эсепке алынууга тийиш, ал өзүнчө жүргүзүлөт жана маалыматтар калдыктарды эсепке алуу журналына жазылат.
- Кабыл алуу пункттары, андагы калдыктардын түрлөрү, иш графиги жөнүндө маалымат жалпыга жеткиликтүү болууга жана кызмат көрсөтүүчүнүн сайтында, ЖМКда жайгаштырылууга тийиш.
- Полигондордо же адистештирилген жерлерде калдыктарды сорттоону, иштетүүнү, зыянсыздандырууну, кайра иштетүүнү уюштурууга талаптар
- Калдыктар атайын орнотмолордо кайра иштетүүгө жана (же) зыянсыздандырууга же полигондордо жайгаштырууга (сактоо же көмүүгө) тийиш.
- Калдыктардыжайгаштырууобъектисининменчик ээсикелип түшкөн калдыктарды таразалоо же эсептөө жолу менен эсепке алат (анын ичинде полигонго топтолгон калдыктар өз-өзүнчө түшкөн учурда калдыктардын түрлөрү боюнча).
- Объектти жайгаштыруучу жайдын ээси, бул объектти (же участогун) пайдалануу аяктагандан кийин, бузулган жерлерди (участокторду) калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.
- Келип түшкөн калдыктар экинчи материалдык ресурстар (кайра иштетилүүчү калдыктар) же кооптуу калдыктар болуп саналган калдыктардын полигонго түшүүсүн болтурбоо үчүн сорттоодон же кошумча сорттоодон өтүүгө тийиш.
- Калдыктарды сорттоо объекттери полигондордо же атайын бөлүнгөн жерлерде келишимдин шарттарында калдыктардын экинчи материалдык ресурстарын же башка түрлөрүн чыгарууга кызыкдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат көрсөтүүчүлөр же адистештирилген уюмдар тарабынан түзүлөт.
- Калдыктарды сорттоо объекттери төмөнкүлөр менен жабдылат (мүмкүнчүлүккө жараша):
– сорттолуучу калдыктарды жылдыруу үчүн конвейердик линиясы;
– экинчи чийки заттарды кол менен жана (же) автоматташтырылган түрдө алуучу жабдуулар;
– сорттолгон калдыктарды тыгыздоо үчүн пресс;
– зарылдыгына жараша пакеттерди ачуучу, ПЭТ бөтөлкөлөрүн тешүүчү, майдалагыч, талкалагыч, термелүүчү электен өткөргүч, металл калдыктарын тандоо үчүн магниттик сепаратор жана башка жабдуулар, түзүлүштөр, механизмдер менен.
- Сорттоо объекттерин технологиялык жабдуулар менен жабдуу зарылчылыкка жараша, сорттолууга тийиш болгон калдыктардын көлөмүн жана түрлөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
- 75. Сорттолгон экинчи чийки заттарды жана башка калдыктардын түрлөрүн (электрондук жана электр жабдуулары, тигүү калдыктары, көлөмдүү калдыктар ж.б.) сактоого катуу капталган жана чатыры бар, калдыктардын түрлөрү көрсөтүлгөн маалыматтык белгилер менен белгиленген ачык аянтчаларда жол берилет. Кооптуу калдыктар (батарейкалар, лампалар ж.б.) үчүн Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык атайын жабдылган жерлер каралышы керек.
- Сорттолгон экинчи материалдык ресурстар калдыктардын ар бир түрү боюнча өзүнчө чогултулуп, андан ары адистештирилген уюмдарга кайра иштетүүгө берилет.
- 77. Органикалык жана тамак-аш калдыктары үчүн компосттоо же биогаз станциялары (эгер колдонулса) сунушталат.
- Калдыктарды зыянсыздандыруу калдыктар менен иштөө, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык эксплуатацияланган калдыктарды зыянсыздандыруу объекттеринде гана жүргүзүлүүгө тийиш.
- Калдыктарды милдеттүү түрдө сорттогондон кийин өрттөөгө атайын орнотмолордо, калдыктарды өрттөөчү заводдордо гана жол берилет.
- Экинчилик материалдык ресурстарды жок кылууга, ошондой эле туруктуу органикалык булгоочу заттардын пайда болушуна алып келүүчү термикалык, механикалык, химиялык, физикалык-химиялык жана биологиялык технологияларды колдонуу менен калдыктарды зыянсыздандырууга тыюу салынат.
- Биологиялык калдыктарды биотермикалык чуңкурларда (Беккари чуңкуру) зыянсыздандырууга, андан кийин калдыктарды жерге көмүүгө жол берилет.
- Айлана-чөйрөнү булгоочу булак боло турган калдыктарды өз алдынча жайгаштырууга, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана калктуу конуштардын аймагында аларды өрттөөгө тыюу салынат.
- Коммуналдык калдыктардын курамында келген кооптуу жана уулуу калдыктар өзүнчө чогултулуп, кооптуу калдыктарды зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу боюнча адистештирилген уюмдарга берилиши керек же Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык полигондо атайын жерлерде жана шарттарда сакталышы керек.
- Коомчулукту маалымдоо жана маалыматтын жеткиликтүүлүгү
- Кызмат көрсөтүүчүлөр, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калк үчүн төмөнкүдөй максатта маалыматтык-агартуу кампаниясын жүргүзүүгө тийиш:
– адамдын ден соолугуна, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын минималдуу болушу үчүн, таштанды менен иштөөнүн жана аны жоопкерчиликтүү пайдалануунун зарылдыгын түшүнүүнү камсыз кылуу;
– алынган калдыктардын бир бөлүгүн экинчи ирет пайдалануу, жаратылыш ресурстарын үнөмдөөнү камсыз кылуу үчүн калдыктарды өзүнчө чогултуунун зарылдыгын жана тартибин түшүндүрүү;
– калдыктарды башкаруу системасын пландаштыруу жана ишке ашыруу тартибин түшүндүрүп, бул процессте катышкан ар бир тараптын ролун аныктап жана түшүндүрүп берүү;
– калкты калдыктарды иштөөнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде тарифтер жана аларды аныктоо тартиби жөнүндө маалымдоо.
XII. Ушул Эрежелерди жана коммуналдык калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
- Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын жана ушул Эрежелердин талаптарын аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке, жарандык-укуктук жана жазык жоопкерчилигине алып келет.
- Уруксатсыз таштанды төккөн, калдыктарды өрттөгөн адамдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
- Жоопкерчиликке тартуу күнөөлүү адамды кетирилген мыйзам бузууну жоюу милдетинен бошотпойт.
- Уруксатсыз таштанды төгүүчү жайларга жооптуу адамдарды аныктоо мүмкүн болбогон учурда, калдыктарды алып салуу жана уруксатсыз таштанды төгүүчү жайларды рекультивациялоо аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун эсебинен ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
| 2021-жылдын 11-апрелинде Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынды |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ
(Кыргыз Республикасынын 2021 жылдын 5 майындагы Мыйзамы менен кабыл алынды)
49-берене
- Ар бир адам жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөгө укуктуу.
- Ар бир адам жаратылышты пайдалануу жаатындагы аракеттерден улам ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу.
- Ар бир адам курчап турган жаратылыш чөйрөсүн, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоого жана аяр мамиле кылууга милдеттүү.
