Ысык-Көл облусу Ак-Суу району Кыдыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

Ысык-Көл облусу Ак-Суу району

Кыдыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү

 

кенже муниципалдык административдик жарандык кызмат орунуна ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

 

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары учун

ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамы
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген КРнда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама

 

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

-компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен, компьютердик жана социалдык тармактарда, оргтехника менен иштей билүүсү;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдонууну билүүсү.

 

Административдик муниципалдык жарандык кызмат орунуна

кенже топ үчүн

1) кесиптик билимдин деңгээли:

– тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы, социалдык/гуманитардык илимдер, педагогикалык билим берүү боюнча)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Конституциялык Мыйзамы,
  2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө Конституциялык мыйзамы,

3.Кыргыз Республикасынын Үй бүлө Кодекси,

  1. Кыргыз Республикасынын Балдар Кодекси
  2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамы,
  3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамы,
  4. Кыргыз Республикасынын Калкты социлдыкжактан тейлөө жөнүндө мыйзамы,
  5. КР Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө мыйзамы

Жөндөмдүүлүк:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

 

 

  • жеке арызы;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
  • резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен);
  • өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • соттуулугу тууралуу маалымкат;
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
  • окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).

 

 

 

Конкурска катышуу үчүн документтер саат 17:00 гө чейин, жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күнгө чейин (12-ноябрынан 22-ноябрына чейин) айыл өкмөтүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: индекс 721800, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Ленин көчөсү №154, телефон: (03948) 91277, 91591, e-mail: aksuut@mail.ru

 

Конкурска катышуу боюнча чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге баруу жана келүү, турак жайды жалдоо, жашап туруу, байланыш каражаттарынын бардык түрлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт.

 

Кабыл алынган талапкерлер конкурска чакырылат.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Толук маалымат веб-сайттарда жайгаштырылган:

– www.mkk.gov.kg

kydyr-ake.gov.kg

Leave a Reply