Башкы кызмат орунуна (Б-Б) коюлуучу квалификациялык талаптар
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– тиешелүү багыттагы жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат
стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем
эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой
эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Б-Б үчүн: КРнын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын
шайлоолору жөнүндө, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, Жамааттар жөнүндө,
Жайыттар жөнүндө, Аксакалдар соттору жөнүндө
адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди;
– билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– көндүмдөрү:
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок
экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын
көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык күн ичинде төмөнкү
дарек боюнча тапшыруу керек: Теплоключенка айылы, Ленина көчөсү, №154, 1-кабат,
Теплоключенка айыл өкмөтү.
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.
Атк. Джумабаева Бактыгуль Раджаповна., тел.(03948) 91591; (0500) 369 922