КУЛАКТАНДЫРУУ!!!
Теплоключенка айыл өкмөтү кварталдар арасында “Тазалыкты сактайлы” кароо-сынагы жарыялайт.
Кароо-сынактын негизги шарттары: үйүнүн тегерегинде, көчөдө, кварталда жана коомдук жайларда тазалыкты сактоо жана эң башкысы таштандынын акысын 100% чогултуу .
Кароо сынак 2023-жылдын 1-июлунан 20-августуна чейин созулат.
Тазалыкты сактаган жана таштандынын акысын өз убагында калтырбай төлөгөн мыкты кварталга 25 000 сом өлчөмүндө сыйлык фонду каралган.
Сыйлык акчалай берилбейт!
Тургундар тарабынан көтөрүлгөн демилгенин негизинде жеңип алган кварталды жакшыртууга жумшалат.
Тазалыкты сактайлы!!!
Демөөрчүлөр: Теплоключенка айыл өкмөтү, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору