Башкы кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар
(Б-А, Б-Б) (2 штаттык бирдик)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– тиешелүү багыттагы жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Б-А үчүн: КРнын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Жамааттар жөнүндө, Жайыттар жөнүндө, Мамлекеттик тил жөнүндө.
Б-Б үчүн: КРнын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, Мамлекеттик тил жөнүндө
адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
– билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– көндүмдөрү:
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
Улук кызмат орундарына (экономикалык блок)
коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А, У-Б) (3 штатттык бирдик)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- Кесиптик компетенциялары:
– төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
У-А үчүн: Бюджеттик кодекси, Бухгалтердик эсеп жөнүндө, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө
У-Б үчүн: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
– билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– көндүмдөрү:
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Улук кызмат орундарына (айыл чарба блок)
коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) ( 1 штаттык бирдик)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- Кесиптик компетенциялары:
– төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Ресубликасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Жер кодекси, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
– билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– көндүмдөрү:
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Кенже кызмат орундарына (экономикалык блок)
коюлуучу квалификациялык талаптар (К-Б) (2 штаттык бирдик)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Бухгалтердик эсеп жөнүндө, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Жарандардын кайрылууларынын кароо тартиби жөнүндө
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
– билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Кенже кызмат орундарына (гуманитардык блок)
коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б) (1 штаттык бирдик)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ж/дө, Жарандардын кайрылууларынын кароо тартиби ж/дө; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
– билгичтиги:
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык күн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Теплоключенка айылы, Ленина көчөсү, №154, 1-кабат, Теплоключенка айыл өкмөтү.
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.
Атк. Джумабаева Бактыгуль Раджаповна., тел.(03948) 91591; (0500) 369 922