Кыдыр аке жергиликтуу Кенешинин 1-чакырылынынын 2-сессиянын №12 токтому 15.04.2024

Токтом №12 от 15.04.2024


                                                                                                                             Тиркеме                          

                          Кыдыр Аке айыл аймагынын 

                          жергиликтүү кеңешинин

                          2024-жылдын 15- апрелиндеги

                          №12 токтому менен бекитилди

КЫДЫР АКЕ  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН

РЕГЛАМЕНТИ

Бул Регламент Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин иши жөнүндө Жобону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.

I БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ

1-глава. Жалпы жоболор

1.1 Айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши (мындан ары – жергиликтүү кеңеш) – мыйзамдарда белгиленген тартипте жана санда жергиликтүү коомдоштук тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланган депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

1.2. Сессиянын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар жергиликтүү кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.

1.3. Жергиликтүү кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.

1.4. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, өзү тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана аткарылышын камсыз кылат.

1.5. Жергиликтүү кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштурууну аныктайт.

1.6. Айыл аймактарын бириктирүүдө бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат. Жаңыдан түзүлгөн айыл аймагынын кеңеши бириккен айыл аймагын түзгөн жергиликтүү кеңештин укук улантуучусу болуп калат.

1.7. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга же мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин сакталат.

1.8. Жергиликтүү кеңеш юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

1.9. Жергиликтүү кеңеш мөөрү, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.

1.10. Жергиликтүү кеңештин төрагасы кеңештин жооптуу катчысына юридикалык формасына карабастан бардык соттук, административдик жана башка органдарда, мекемелерде, уюмдарда жергиликтүү кеңештин кызыкчылыктарын көрсөтүүгө ишеним кат бере алат.

2-глава. Жергиликтүү кеңештин милдеттери жана

анын компетенциясына кирген маселелер

2.1. “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинде жана башка мыйзам актыларында аныкталган маселелерден тышкары жергиликтүү кеңештин кошумча милдеттерине пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү менен байланышкан төмөнкү маселелер кирет:

1) жергиликтүү кеңештин регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү (өзгөртүүлөрдү киргизүү);

2) жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү/кайра уюштуруу жана алардын ишин уюштуруу;

3) жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруунун (кварталдык башчылар) коомдоштуктардын (жамааттардын) ишин уюштуруу;

4) жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдарын (аксакалдар кеңеши, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар уюму ж.б.) кайра уюштуруу боюнча ишти координациялоо.

2.2. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.

2.3. Жергиликтүү кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;

3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;

4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:

а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;

б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;

в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;

г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;

д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;

7) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

8) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

9) кеңештин регламентин кабыл алуу;

10) жергиликтүү кеңештин жылдык иш планын бекитүү;

11) жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;

12) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;

13) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануунун, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуунун, ташып чыгаруунун жана жок кылуунун тарифтерин бекитүү;

14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;

15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;

16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;

17) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;

18) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;

19) аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;

20) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;

21) жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

22) аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

23) келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

24) жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;

25) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;

26) жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жамааттардын ар жылдык планын, жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмүн бекитүү, алардын аткарылышы боюнча отчетторду угуу;

27) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;

28) аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында аткаруу органдары менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;

29) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;

30) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды аткарууну аткаруу органынын башчысына тапшыруу;

31) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;

32) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.

3-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби

3.1. Бириккен айыл аймагынын кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы күчүнө киргенге чейин шайланган, бириккен айыл аймагын түзгөн жергиликтүү кеңештин төрагаларынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.

3.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо бир тур менен өткөрүлөт.

Эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна бир талапкер көрсөтүлсө, анда сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелет.

Эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна эки талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелет.

Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең бирдей сандагы добуштарды алса, жергиликтүү кеңештин төрагасы чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат.

Эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелет.

Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер бирдей сандагы добуштарды алса, жергиликтүү кеңештин төрагасы чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат.

4-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын ыйгарым укуктары

4.1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинин 5-6-бөлүктөрүнө ылайык калкынын саны 20 001 адамдан кем эмес жергиликтүү кеңештин төрагасы акы төлөө негизинде иштейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.

4.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:

1) жергиликтүү кеңештин сессияларын чакырат;

2) сессияларда төрагалык кылат;

3) жергиликтүү кеңештин иш планын бекитет;

4) мыйзамдарда белгиленген тартипте калкынын саны 6001ден ашкан жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

5) жергиликтүү кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып жергиликтүү кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;

6) жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;

            7) жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;

8) жергиликтүү кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;

9) жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;

10) катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;

11) жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;

12) депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;

13) жергиликтүү кеңештин ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;

14)  мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе жергиликтүү кеңештин атынан чыгат;

15) жергиликтүү кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;

16) жергиликтүү кеңештин  абройун, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;

17) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;

18) ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.

4.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карма каршы келген учурда, ал жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.

5-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарлары

жана алардын ыйгарым укуктары

5.1 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин төрагасынын эки орун басары болот (калкынын саны 20 001 адамдан көп болсо).

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда жергиликтүү кеңештин төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.

5.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда анын милдетин аткарат.

5.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарлары өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.

5.4. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарлары:

1) Жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

2) Жергиликтүү кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча жергиликтүү кеңештин сессияларын алып барат;

3)  Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;

4) Жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;

5) Аймакта жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;

6) Жергиликтүү кеңештин, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;

7) Ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка иш-милдеттерди аткарат.

                    6-глава. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары

6.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн жергиликтүү кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.

6.2. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө жергиликтүү кеңештин токтому менен түзүлөт.

6.3. Туруктуу комиссиялардын курамы максаттуулугуна жараша кошулган кеңештердин (Теплоключенка, Кереге-Таш жана Энилчек) туруктуу комиссияларын бириктирүү менен түзүлөт.

6.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санынан: 5тен   кем болбоого жана  13төн  көп болбоого тийиш.

6.5. Жергиликтүү кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.

6.6. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары туруктуу комиссиялардын курамына кирбейт.

6.7. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.

6.8. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет.

6.9. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүлсүн:

  Бюджет, экономика, инвестиция тартуу маселелери боюнча;

             Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча

            Айыл аймактын чегиндеги (жол, ичүүчү суу, жарыктандаруу, канализация, көрктөндүрүү) маселелери боюнча;

           – Социалдык маселелер (маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, спорт, жаштар жана гендердик саясат) боюнча;

           – Депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, жергиликтүү жамааттар менен байланыш  маселелери боюнча;

7-глава. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

7.1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:

1) иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет;

2)  туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;

3)  жергиликтүү кеңештин кароосуна аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;

4) жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча жергиликтүү кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;

5) өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;

6) башка комиссиялар карап жаткан маселелер боюнча пикирин билдирет;

7)  өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;

8) туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, аткаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;

9) башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.

10) ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.

7.2. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары айыл аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.

8-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары

8.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык өткөрүлөт.

8.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү протокол же  акт түзүлөт жана чечим кабыл алат.

8.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.

8.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү  жашыруун жыйын өткөрөт, протокол же акт жүргүзөт.

8.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, жергиликтүү кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамдарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.

8.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын добушу менен кабыл алынат.

8.7. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, аткаруу органынын башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.

8.8. Комиссиянын протоколуна, актысына туруктуу комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коет.

9-глава. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары

9.1. Туруктуу комиссиянын төрагасы:

1) комиссиянын дарегине келип түшкөн документтерди карайт, комиссиянын отурумун өткөрөт;

2)  туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;

3) комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;

4) убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мүчөлөрүнүн катышуусун сунуш кылат;

5) комиссиянын отурумунда  төрагалык кылат;

6) жергиликтүү кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышта болуп, комиссиянын отурумунда кабыл алынган чаралар тууралуу маалымдайт;

7) жыл сайын жергиликтүү кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.

II БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ

10-глава.  Жергиликтүү кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы

10.1 Жергиликтүү кеңештин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

10.2. Жергиликтүү кеңештин сессиялары кварталына бир жолудан кем эмес ачык өткөрүлөт. Жаңы түзүлгөн айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоодон тышкары жыйналышты чакыруунун, өткөрүүнүн жана чечим кабыл алуунун, анын ичинде жыйналышты ачуу үчүн кворумдун жана пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде чечим кабыл алуунун тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

10.3  Жаңы уюшулган айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин уюштуруу сессиясы бириккен айыл аймагынын курамына кирген айыл аймактарынын кеңештеринин төрагалары тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы (аким) менен макулдашуу боюнча же акимдин сунушунун негизинде чакырылат.

10.4. Жергиликтүү кеңештин уюштуруу сессиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбү катышкан учурда укуктуу болот.

10.5. Жергиликтүү кеңештин сессиясын депутаттардын улуусу ачат жана жергиликтүү кеңештин төрагасы шайланганга чейин ага төрагалык кылат.

10.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибине жергиликтүү кеңештин төрагасын, жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо маселелери жана жергиликтүү кеңештин ишинин башка уюштуруу маселелери киргизилиши мүмкүн.

11-глава. Жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу

11.1. Жергиликтүү кеңеш, анын туруктуу комиссиялары планын бир жылга түзөт. Жергиликтүү кеңештин планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.

11.2. Жергиликтүү кеңештин иш планы кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт.

11.3. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы жергиликтүү кеңештин иш планынын негизинде түзүлөт.

11.4. Иш планына бир жылдын аралыгында жергиликтүү кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын жыйындарында кароого чыгарылган маселелер киргизилет.

11.5. Жергиликтүү кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишин пландаштыруу жергиликтүү кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын кароосуна иш планына киргизилбеген башка маанилүү маселелерди киргизүүгө чектөө койбойт.

12-глава. Жергиликтүү кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби

12.1. Жергиликтүү кеңештин сессиясы жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган жергиликтүү кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.

12.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.

12.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин  15 мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу  30 минут мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде  30 минут мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.

12.4. Жергиликтүү кеңештин сессиясын кеңештин төрагасы чакырат:

  өзүнүн демилгеси боюнча;

– жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүн демилгеси боюнча;

– айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча;

– жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин сунушу боюнча.

12.5. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиялары өткөрүлүшү мүмкүн.

12.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат жана  жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет. Сессияга аткаруу органынын башчысы, анын орун басары, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламенте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.

12.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, жергиликтүү кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.

12.8. Жергиликтүү кеңештин сессиясына катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат, табель жүргүзүлөт.

12.9. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер жергиликтүү кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат жергиликтүү кеңештин төрагасына жергиликтүү кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.

12.10. Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата жергиликтүү кеңештин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

13-глава. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясы

13.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же аткаруу органынын башчысынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көчүлүгүнүн сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.

13.2. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.

13.3. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 4 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

13.4. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.

13.5. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелер боюнча  депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын 1 календарлык күнүнө чейин  маалымдалат.

13.6. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары депутаттарга жана бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга электрондук түрдө таркатылат.

14-глава. Сессиянын күн тартиби

14.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү кеңештин иш планынын, туруктуу комиссиялардын, депутаттардын, аткаруу органынын башчыларынын сунуштарынын негизинде жыйын өткөрүүгө чейин жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан 10 күн мурда жана кеңештин кезексиз сессиясына чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.

14.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.

14.3. Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга электрондук түрдө жөнөтүлөт. Күн тартибинин жергиликтүү калктын таанышуусу үчүн аймактагы көрүнүктүү жерлерге илинет.

14.4. Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.

14.5. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн

14.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.

14.7. Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат

14.8. Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарбынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

15-глава. Сессияга төрагалык кылуучу

15.1. Жергиликтүү кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто жергиликтүү кеңештин төрагасынын бир  орун басары болот.

15.2. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

– жергиликтүү кеңештин сессиясын алып барууга;

– маселелерди талкуулоого катышууга;

– эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселе боюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү пайдаланса, чыгып сүйлөөчүнү эскертүүгө, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;

– чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;

– сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында депутаттар, адистер менен кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;

– ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;

– залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.

15.3 Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

– ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;

– чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;

– сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;

– сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;

– келип түшкөн депутаттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;

-депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо-жооп, маалымкат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн, ошондой эле жыйынды алып баруу боюнча сын-пикирлер, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн сөз берүүгө;

– сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, жергиликтүү кеңештин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;

– сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;

– сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;

– эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамчы болсо же аны жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени жергиликтүү кеңеш караган учурда, сессияны алып барууну орун басарына берүүгө.

16-глава. Жергиликтүү кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети

16.1. Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:

-жергиликтүү кеңештин күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

– токтомдордун долбоорлоруна толуктоолорду жана өзгөтүүлөрдү киргизүүгө;

– жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын жеке курамы боюнча пикирин билдирүүгө;

– жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;

– жергиликтүү кеңешке отчет берүүчүнүн отчетун угуу, өз компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

– өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;

– жергиликтүү кеңештин сессиясында коомдук мааниге ээ болгон  жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын тексттерин жарыя кылууга;

16.2. Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:

– ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө, сессиянын аягына чейин катышууга;

           – ушул регламентти, сессиянын күн тартибин жана кеңештин төрагасынын укук ченемдүү талаптарын сактоого;

– колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;

– сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;

– жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;

– чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына, кадыр-баркына шек  келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көзкөрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө баа бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;

– төраганын  уруксаты менен чыгууга;

-залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга же үн чыкпас режимге коюуга;

– талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.

– сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.

16.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.

16.4. Жергиликтүү кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.

16.5. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен төмөндөгү маселелерди демилгелөөгө укуктуу:

– өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотууга;

– мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштук уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө.

16.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жүзүндө берилген сын-пикирлер, сунуштар төрага тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан каралат же тийиштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар жергиликтүү кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасына билдирүүгө милдетүү.

17-глава. Депутаттык этика

17.1. Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын  кагылышуусунан алыс болууга   милдеттүү. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга жол бербөөсү керек.

17.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн депутаттык этикага  ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбоого тийиш.

17.3. Жергиликтүү кеңештин, туруктуу комиссиянын отурумунда кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жыйналышка төрагалык кылуучунун эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн өз алдынча четтөөгө  тийиш.

17.4. Сессияларда, жыйналыштарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен,  уят жана сөгүнгөн сөздөрдү   колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз   айыптоолорду айтпоого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды   пайдаланбоого, мыйзамсыз   аракеттерге   чакырбоого тийиш.

17.5. Жергиликтүү кеңештин саясий максаттар үчүн жана жеке пайда табуу үчүн конфиденциалдуу маалыматтарын  колдонууга, жергиликтүү кеңештин жабык сессияларында, туруктуу  комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга, өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык иштер боюнча фактылар жөнүндө айтууга, жергиликтүү кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдаланууга, депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражатын, сый акыларды алууга тыюу салынат.

18-глава. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

18.1.Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен жергиликтүү кеңештин сессиясын өткөрүүгө жолтоо  кылса, төрагалык  кылуучунун  эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же сессиянын катышуучулары менен  кайым  айтышса, талкууланган маселеден башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу  мүмкүн:

– эскертүү жана тартипке чакыруу;

– сессиянын   аягына   чейинки    мөөнөткө    сөз    бербөө;

– сессиядан четтетүү;

– мандатын тапшыруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берүүгө;

18.2 Эгерде  депутат башка  адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айткан, кол кезеген жана күч колдонгон учурда ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү  мамлекеттик органдарга берилет.

18.3. Депутатка жана жергиликтүү кеңештин сессияларына катышкандарга карата колдонулган  чаралар    сессиянын     протоколунда    белгиленет.

18.4. Жергиликтүү кеңештин сессияларына  жүйөлүү себепсиз  төрт жолу катышпаган депутаттар,   ошондой эле туруктуу комиссиялардын иштерине, жергиликтүү кеңештин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар жергиликтүү кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилип,  мандат маселеси каралат.

19-глава. Жергиликтүү кеңештин сессияларына, туруктуу  комиссиялардын жыйындарына жергиликтүү кеңештин депутаты эмес адамдардын

катышуусунун тартиби

19.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү кеңештин сессиясын ачар алдында, сессияга катышып жаткан жергиликтүү кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыктары жөнүндө депутаттарга маалымдайт.

           19.2. Сессияларга, туруктуу комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт же маселе каралып жаткан учурда чакыртылат. Эгерде сессиянын, туруктуу комиссиянын отурумунун өтүп жаткан жыйындар залы катышууну каалагандардын баарын батыра албаса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясына, туруктуу комиссиялардын жыйындары аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир райондон, бир айылдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир же эки өкүл болушу мүмкүн.

III БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ,

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН,

КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ

20-глава. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар

20.1. Жергиликтүү кеңештин ченем жаратуу иши жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы, мыйзамдуулук, негиздүүлүк, максаттуулук, адилеттүүлүк, ачыктык принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

20.2. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтомдорду жана тескемелерди  кабыл алат.

– Жергиликтүү кеңештин токтому – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана айыл аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар ченемдик укуктук акты. Жергиликтүү кеңештин токтому Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирет.

– Жергиликтүү кеңештин тескемеси – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана айыл аймагынын аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар уюштуруу-тескөө мүнөздөгү акт. Жергиликтүү кеңештин тескемеси  актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

– Оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин төрагасынын чечимдери, ал тарабынан жекече тескеме формасында кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын тескемеси актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

20.3. Жергиликтүү кеңештин сессиясынын чечими менен төраганын тескемелери өзгөртүлүшү, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.

20.4. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин токтомдору айыл аймакта жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле, менчигинин түрүнө карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.

20.5. Жергиликтүү кеңештин айыл аймакка өтө маанилүү токтомдору Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жалпыга маалымдоо үчүн айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жайгаштырылат.

  20.6. Жергиликтүү кеңештин токтомунун түзүмдүк элементтерин, текстин жол-жоболоштуруунун, жергиликтүү кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби, аны күчүн жоготту деп таануу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 11-12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.

            20.7.   Айыл аймакта жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана жергиликтүү кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими болсо, жергиликтүү кеңештин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.

20.8. Ушул Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.

20.9.  Жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизилген токтомдун долбоорунун текстинде:

– беттин оң жактагы жогорку бурчуна «Долбоор» деп жазылат;

– андан ары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12, 17 жана 30-беренелеринде белгиленген тараптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти баяндалат;

– органдарга же кызмат адамдарына конкреттүү тапшырма берилет жана төрагалык кылуучунун колу коюлат;

– токтомдун аткарылышы үчүн кызмат адамына же органга контроль жүктөлөт;

– токтомдун текстинин алдында төрагалык кылуучунун фамилиясы жана колу көрсөтүлөт.

21-глава. Жергиликтүү кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби 

21.1. Жергиликтүү кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.

21.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнүндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.

21.3. Жергиликтүү кеңештин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын берүүгө укуктуу.

21.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу комиссиялардын протоколдору, ошондой эле депутаттардын жазуу түрүндө сунуштары (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.

21.5. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар келип түшсө эске алуу менен токтомдун долбоору добушка коюлат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.

21.6. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагалык кылуучуга расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуулоо токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.

22-глава. Жергиликтүү кеңештин сессияларындагы жол-жобо маселелери

22.1. Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине байланышкан төмөндөгү маселелер кирет:

  сессияда тыныгуу, аны жылдыруу, жабуу же узартуу жөнүндө;

  добуш берүүнүн жолун өзгөртүү жөнүндө;

  чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;

  кворумду тактоо жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;

  талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү жылдыруу же токтотуу жөнүндө;

  маселени кароону туруктуу же убактылуу комиссияларга өткөрүп берүү жөнүндө;

  чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;

  күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;

  сессияда маслелелерди кароонун жана талкуулоонун ирети жөнүндө;

  добуш берүүнүн түрүн белгилөө жөнүндө;

  маселени кароону кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө;

  маселелерди талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;

  күн тартибине маселелерди киргизүү жана алып салуу жөнүндө;

  чыгып сүйлөөлөрдүн жана маселелердин санына чектөө белгилөө жөнүндө;

  суроо жооптордун убактысына чектөө киргизүү же узартуу жөнүндө;

  каралып жаткан маселе боюнча адамдарды жыйынга чакыруу менен сөз берүү жөнүндө;

  добуштарды кайра саноо жөнүндө;

22.2. Жол-жобо маселелери боюнча жергиликтүү кеңештин чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен тастыкталбайт.

23-глава. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы

23.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:

– баяндама – 10 мүнөткө чейин;

-талкулоого -10 мүнөткө чейин;

– жарыш сөздөргө  – 5 мүнөткө чейин;

– күн тартибин талкуулоо үчүн – 2 мүнөткө чейин;

– добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн – 1 мүнөткө чейин;

– сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн – 2 мүнөткө чейин;

– кайталап сөз сүйлөө үчүн  – 2 мүнөткө чейин;

23.2. Катышып отурган депутаттардын макулдугу менен төрага чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга укугу бар.

23.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүнө жол берилбейт.

23.4. Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнча сөз төрага  тарабынан берилиши мүмкүн, анын узактыгы 2 мүнөттөн ашпайт.

23.5. Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин «Ар кандай маселелеринде» каралат,  5 мүнөт убакыт берилет.

23.6. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган мурдагы маселелердин бирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун иретин өзгөртүү төрага  тарабынан жүргүзүлөт.

23.7. Төрага тарабынан сессиянын ишине 10 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп) жарыяланышы мүмкүн.

23.8. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрага 30 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрага сессияны жабык деп жарыялоого же аны белгилүү убакка же күнгө которууга укуктуу.

          24-глава. Добуш берүү жана анын түрлөрү

24.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

– жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы саны – 52 депутат

– жыйынга катышкандардын саны – каттоодон өткөн депутаттарынын саны.

24.2. Жергиликтүү кеңеш сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат. Добуш берүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кол көтөрүүсү аркылуу жана добуштарды саноо аркылуу жүргүзүлөт.

24.3. Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жергиликтүү кеңештин сессиясынын протоколуна түшүрүлөт.

24.4. Жергиликтүү кеңештин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.

24.5. Бир маселе боюнча добуш бергенде жергиликтүү кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн “макул” же “каршы”, болбосо чечим кабыл алууда “калыс” добуш берүү менен бир добушка ээ.

24.6. Добуш берүү учурунда жок болгон жергиликтүү кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.

24.7. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.

25-глава. Ачык жана жашыруун добуш берүү

25.1. Ачык добуш берүү – ар бир депутаттын жооптун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.

25.2. Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо төрага тарабынан жүргүзүлөт.

25.3. Добуштар саналгандан кийин  чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын төрага жарыялайт.

25.4. Жашыруун добуш берүү – добуш берүүгө катышкандардын жашыруун жүргүзгөн добуш берүү ыкмасы  бюллетень менен колдонулат

25.5. Жашыруун добуш берүү милдеттүү болгон маселелер, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.

25.6. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, бюллетендерди толтуруу аркылуу ар бир депутаттын жеке өзү тарабынан ишке ашырылат, бюллетендер депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын өз эркин жашыруун билдирүүнү камсыз кылган атайын кабинада толтурулуп, эсептөө комиссиясы мөөр басып бекиткен добуш берүүчү үкөккө салынат.

26-глава. Эсептөө комиссиясынын иши

26.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары ачык (же жашыруун) добуш берүү менен эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлашат, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны так сандардан турат.

26.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт.

Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, протокол жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

26.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер жергиликтүү кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде “макул”, “каршы”, “калыс” деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.

26.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүү үчүн шарттарды түзөт.

26.5. Добуш берер алдында эсептөө комиссиясы жергиликтүү кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчү үкөктү бекитет.

26.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.

26.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.

26.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.

26.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.

26.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу төрага жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилет

27-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби

27.1. Жергиликтүү кеңештин катчысы баяндамачы менен бирдикте жергиликтүү кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.

27.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.

27.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган жергиликтүү кеңештин токтомунун мазмундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.

27.4. Жергиликтүү кеңештин өтө маанилүү токтомдору күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:

– айыл аймакка өтө маанилүү токтомдорду  айыл өкмөтүнүн веб сайтына жайгаштыруу;

– расмий жарыяланган күндөн тартып 7 иш күн аралыгында жергиликтүү кеңештин токтому Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин облустук аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик тилде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.

27.5. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

27.6. Жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу айылдык кеңештин  жооптуу катчысы ишке ашырат

– ченемдик укуктук актынын аталышы;

– кабыл алынган датасы;

– каттоо номери.

       28-глава. Жергиликтүү кеңештин сессиясынын протоколу

28.1. Жергиликтүү кеңештин сессияларынын протоколу жүргүзүлөт, ага катар номери берилбейт.

28.2. Сессиялардын протоколдорду жүргүзүү жана сактоо жергиликтүү кеңештин  жооптуу катчы тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми туруктуу комиссиялардын протоколдорун комиссиянын катчысы (депутат) жүргүзөт.

28.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:

– жергиликтүү кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн орду; жергиликтүү кеңештин чакырылган жылы, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;

– негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.

28.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.

28.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, ага жергиликтүү кеңештин төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат. Туруктуу комиссиялардын отурумдарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.

28.6. Жооптуу катчы тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга тиешелүү маселе боюнча протоколдон көчүрмөсү (выписка)  гана берилет, токтом менен тааныштырылат.

28.7. Жергиликтүү кеңештин сессияларында жана туруктуу комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.

28.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары жооптуу катчыда сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери тийиштүү жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. Жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда жыйындардын, сессиялардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу мамлекеттик  сактоого архивге өткөрүлөт.

28.9.Жергиликтүү кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.

29-глава. Жергиликтүү кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө

29.1. Токтомдо аны жүзөгө ашыруунун тартиби белгиленилет, атап айтканда:

– жалпысынан токтомдун же анын пункттарын же колдонууга киргизилишинин конкреттүү мөөнөттөрү жана жолдору;

– токтомду жүзөгө ашыруу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалардын, аткаруу органынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (зарылчылыкка жараша) кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын кабыл алынышы, аткаруу органынын башчысынын актыларынын жергиликтүү кеңештин токтомуна ылайык келтирүү;

– айрым токтомдордо аны аткаруу үчүн мөөнөттөр белгиленилет.

29.2. Жергиликтүү кеңештин ар бир токтомунда көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.

29.3. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, жергиликтүү кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:

– аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;

– ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;

– башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;

– токтомду жокко чыгаруу;

– токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

– кошумча токтомду кабыл алуу.

IV БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ

  30 -глава. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби

30.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын айкындаган, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында жергиликтүү кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү аткаруу органынын башчысына тапшырууга укуктуу.

30.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, жергиликтүү кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.

30.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы аткаруу органынын, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.

30.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

30.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана аткаруу органынын отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен жергиликтүү кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.

30.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу аткаруу органынын отчету каралат.

30.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, бюджеттин аткарылышы тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому айыл өкмөтүнүн веб-сайтына  жайгаштырылат.

31-глава. Жергиликтүү  жарандардын мыйзам чыгаруу демилгесин кароо

31.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү жамааттын уставына ылайык жарандар мыйзам чыгаруу демилгесине ээ .

31.2. Жергиликтүү жамаат тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат,  жергиликтүү кеңештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.

32-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын

(айыл өкмөтүнүн) башчысына ишенбестик билдирүү

32.1. Айыл өкмөтүнүн  башчысына ишенбестик билдирүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен өткөрүлөт.

32.2. Айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

32.3. Айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү жөнүндөгү жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорунда анын 3 жылдан кем эмес аралыктагы ишмердүүлүгү терең талданып, документтер менен тастыкталган кемчиликтери, укук бузуулары көрсөтүлүүгө тийиш.

32.4. Айыл өкмөтүнүн  башчысына анын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер жана укук бузуулар тууралуу сессияда маселе карала тургандыгы бир ай мурда кабарланууга тийиш.

33-глава. Жергиликтүү кеңеш тарабынан

көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби

33.1.Айыл өкмөтү өз ишинде жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет жана көзөмөлүндө болот.

33.2. Жергиликтүү кеңештин көзөмөлдүк иши Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Регламентке ылайык жүзөгө ашырылат.

33.3. Көзөмөлдүк иши төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:  жергиликтүү кеңештин сессиясында отчетторду угуу, маалыматтарды угуу.

34-глава. Жергиликтүү кеңештин

мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети

34.1. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.

34.2. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.

34.3. Жергиликтүү кеңеш бийликтин аткаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.

34.4. Аймактын кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү, административдик ведомстволордун райондук бөлүмдөрүнүн жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү чакырылат.

34.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өкүлдөө жөнүндө келишимдерди бекитет.

35-глава.  Жергиликтүү кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы

35.1. Жергиликтүү кеңеш айыл аймагын өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин даярдоодо жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт, сунуштарын жана пикирлерин эске алат, зарыл болгон учурда аларды жумушчу топторго тартат.

35.2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча көтөргөн демилгелерин, кайрылууларын кылдаттык менен алардын өзүн,  башка кызыкдар болгон тараптарды катыштырып талкуулайт, жакшы сунуштар боюнча маселе даярдап сессиянын кароосуна киргизет.

V БӨЛҮМ. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН БОЛГОН БАЙЛАНЫШЫ. ДЕПУТАТТЫК СУРОО ТАЛАП

36-глава.  Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби

36.1. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.

36.2. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтү жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.

36.3. Жергиликтүү кеңеш, анын жооптуу катчысы сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:

– шайлоочуларды кабыл алуу;

– арыздарды, кайрылууларды, сунуштарды кароо;

– шайлоочулар менен жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;

– шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.

36.4. Жыл сайын жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо туруктуу комиссия тарабынан жүргүзөт жана сессиянын кароосуна маалымат катары чыгарылат.

37 -глава. Депутаттык суроо-талап

37.1. Депутат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айыл аймакта  жайгашкан  менчиктин түрүнө карабастан мекеме уюмдарына, республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылоо алган же мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган уюмдарга, мекемелерге, фонддорго, алардын кызмат адамдарына, алардын компентенциясына кирген маселелер боюнча депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу.

37.2. Депутаттык суроо-талаптарда жеке мүнөздөгү же юридикалык мүнөздөгү кеңештерди берүүнү талап кылуучу, ошондой эле  айыптоону же мазактоону камтыган маселелерге жол берилбейт.

37.3. Көзөмөл органдарынын кызмат адамдарына, алардын өндүрүшүндө турган дайындуу иштер жана материалдар боюнча даректелген депутаттык суроо-талаптар, ушул органдардын жана адамдардын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

37.4. Депутат суроо-талап менен кайрылган ар бир орган же кызмат адамы  14 иш күн  ичинде жазуу жүзүндө жеке  өзү жооп берүүгө милдеттүү.

VI БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ЖООПТУУ КАТЧЫСЫ

38 -глава. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы

38.1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 38-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калкынын саны 6 000 адамга чейинки жергиликтүү кеңештин ишин айыл өкмөтүнүн; калкынын саны 6 001ден ашкан айыл аймагында – жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы камсыз кылат.

38.2.  Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы:

1) жергиликтүү  кеңештин сессияларынын материалдарын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;

2) жергиликтүү кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш планынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт;

3) депутаттарга жергиликтүү кеңештин жыйналыштарын чакыруу жөнүндө кабарлайт;

4) жергиликтүү кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча ишти камсыз кылат;

5) туруктуу депутаттык комиссиялардын документтерин кошкондо, жергиликтүү кеңештин документтерин сактоону, системалаштырууну жана талаптагыдай абалын камсыз кылууну уюштурат;

6)  депутаттык комиссияларга уюштуруучулук жардам көрсөтөт;

7) жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт, жарандардан келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар менен ишти уюштурат;

8) жергиликтүү кеңештин кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо боюнча иш жүргүзөт;

9) жергиликтүү кеңештин Регламентине жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.

10) чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу комиссиялардын жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттону жүзөгө ашырат;

11) жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;

12) башка ченемдик укуктук актыларга, жергиликтүү кеңештин ушул Регламентине ылайык жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.

39-глава. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн,

Регламентти сактоо үчүн көзөмөлдү ишке ашыруунун тартиби

39.1. Жергиликтүү кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши түзүлгөндөн кийин кабыл алынат. Ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин сессиясында кабыл алынат.

39.2. Жергиликтүү кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттар, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана жергиликтүү кеңештин сессиясында биринчи кезектеги тартипте каралат.

39.3. Жергиликтүү кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелеп түшүндүрүүнү жергиликтүү кеңештин төрагасы жана төраганын орун басарлары ишке ашырат.

39.4. Жергиликтүү кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу жергиликтүү кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарларына жана тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөлөт. Жергиликтүү кеңештин сессиясы учурунда жергиликтүү кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу сессияга төрагалык кылуучуга жүктөлөт.

Leave a Reply