КУЛАКТАНДЫРУУ
Арык Мырза конушундагы тигүүчү цех, эмерек жасоо жана пластик эшик/терезелерди жасоо цех ижарага берилет.
Тигүүчү цехтин жер аянты 2000 чарчы метр, баштапкы ижара акысы 19440 сом. Кепилдик төлөмү 1944 сомду түзөт.
Соц.контракттын негизинде иштеген тикмечилерди колдоо максатында, тигүүчү цех ижарага берилет.
Эмерек жасоо жана пластик эшик/терезелерди жасоо цехтин жер аянты 2500 чарчы метр, баштапкы ижара акысы 24300 сом. Кепилдик төлөмү 2430 сомду түзөт.
Бул цех жергиликтүү бюджетке киреше алып келүү максатында, ишкерлерге берилет.
Керектелүүчү документтер:
– Арыз;
– паспорт;
– кепилдик төлөм.
Конкурс күнү талапкердин сунушу конвертке салынып келүүсү зарыл. Конкурс 2025-жылдын 31-мартында саат 15:00дө айыл өкмөтүндө өтөт.
Каалоочулар арыздары менен айыл өкмөтүнүн төмөндөгү дарегине кайрылыш керек:
Ак-Суу айылы, Ленин көчөсү №154
Байланыш тел: 0707572782